Ак-Сууда көрнөк-жарнак такталары алынып, ордуна LED экрандар орнотулат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда көрнөк-жарнак такталары алынып, ордуна LED экрандар орнотулат. Бул тууралуу Кыдыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Көбөнбаев билдирди.

Маалыматка караганда, Кыдыр-Аке айыл аймагына караштуу Теплоключенка, Кереге-Таш, Сары-Камыш жана Эңилчек айылындагы көрнөк-жарнак жана маалымат такталары алынууда.

«Президенттин демилгеси боюнча, айыл аймакка тиешелүү такталар алынды. Бул жылы менен Теплоключенка айылына 1 млн сомго бир LED экран орнотулат. Ошондой эле, Эңилчек айылына 800 миң сомго дагы бир LED экран орнотулат. Кийинки жылы айыл аймакка тиешелүү бардык айылга LED экран орнотобуз», — дейт айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️