Ак-Сууда ата-бабалар эскерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара Теплоключенка айылындагы Кыдыр аке борбордук аянтында уюштурулду. Анда эгемендикке жетүү үчүн өз өмүрүн арнаган ата-бабаларга арналып куран окутулду.

Андан соң район акими Мунарбек Насиров жана аксакалдар тарыхка токтолуп, бул жылда мааракелүү иш-чаралар көп экени белгиленди.

Кыргызстанда 2017-жылы 7-ноябрь — Тарых күнү, 8-ноябрь — Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️