Ак-Сууда алгачкы жолу машыгуу залы ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАк-Суу районунун Теплоключенка айылындагы спорт комплексте машыгуу залы ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, машыгуу залы райондо биринчи жолу ачылып жатат.

«Аталган машыгуу залга керектүү шаймандарды алууга, ичин оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен 1,7 млн сом акча каражаты сарпталды. Бул жерде айыл аймактын айымдары жана мырзалары келип машыкса болот», — дейт Кыдыр Аке айыл аймагынын башчысы Талант Көбөнбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️