Пример HTML-страницы

Ак-Сууда 3 чакырым жолду салууда тургундар менен жолчулар ортосунда чуу жаралды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Боз-Учук—Жыргалаң жолун асфальттоо иштери жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө эски асфальт сыйрылбастан үстүнө топурак төгүлүп, сапатсыз иш жүрүп жатканы боюнча Ак-Чий айылынын эли кайрылууда.

Маалыматка караганда, 3 чакырым жолду салуу боюнча иштер май айында башталган.

«Жолду асфальттоо иштери башталганына бир айдан ашты. Эски асфальтты сыйрып, анан жаңы асфальт басыш керек да. Бул жерде эски асфальт үстүнө эле кум төгүп жатышат. Мындан улам айылдыктар нааразы болуп жатабыз. Биздин №11 жол тейлөө ишканасы жасап жатат», — дейт Ак-Чий айылынын тургуну Илияс Төлөнов.

Бул боюнча №11 жол тейлөө ишканасынын башчысы Азизбек Дыйканов үн катты.

«Азыр акимдин орун басары жана тийиштүү кызматтар Ак-Чий айылына келдик. Бул жерде бир-эки киши элге туура эмес маалымат таратып жатат. Мындан улам түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Боз-Учук—Жыргалаң жолу толугу менен баштала элек. Убакытты уттурбай, топурак ташуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Техника менен асфальттын жарымын сыйрып бүттүк. Техника жете элек жакты тартып алышкан. Негизги жол республикалык бюджеттен салынып жатат. Жол салуу эрежелерин сактап, иш алып барабыз», — дейт №11 жол тейлөө ишканасынын башчысы Азизбек Дыйканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE