Пример HTML-страницы

Ак-Сууда 13 үй-бүлө кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 28-июнда кайтарымсыз 100 миң сомдун сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондо аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз 100 миң сомдун сертификатын район акими Мунарбек Насиров тапшырды. Жалпы 83 үй-бүлөгө социалдык контракт боюнча жардамдар каралган. Анын ичинен 13 үй-бүлө Бүткүл дүйнөлүк банктын «Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө» долбоору аркылуу, калган 70 үй-бүлө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен каржыланат.

Ак-Суу району боюнча 2022-жылы жылы 50 үй-бүлөгө, 2023-жылы 256 үй-бүлөгө социалдык контракт боюнча жардам берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE