Ак-Сууда 11-класстын окуучусу эс-учун жоготкон абалда ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мектептеринин биринде мектеп окуучусу сабак учурунда эс-учун жоготуп, райондук ооруканага түштү. Бул тууралуу анын айылдаштары билдиришти.

Маалыматты Ак-Суу райондук ооруканадан тастыкташты.

«Кечээ, 22-октябрда тез жардам унаасы менен 2008-жылы туулган — 11-класстын окуучусу Э.Э. аттуу бала ооруканага келген. Ага баш мээсинин чайкалышы деген диагноз коюлган. Абалы жакшы, хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Ал эми бала кулап кеткендигин айтып жатат», — дейт айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️