Пример HTML-страницы

Ак-Суу районунда адамдардын сууга чөгүп кетишин алдын алуу иштери жүрүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАк-Суу районунун аймагындагы Жыргалаң, Түргөн, Ак-Суу суулары, көл жана көлмөлөрдүн жээгинде, сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде эскертүү белгилери илинип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, сууга чөгүп кетүү кырсыктарын алдын алуу максатында профилактикалык иштер жүрүп жатат.

«Райондук мамлекеттик администрация, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана Кыдыр аке айыл өкмөтүнүн адистери аймактагы көлмөлөрдү, каналдарды, дарыяларды, бассейндерди жана башка сууга түшүүчү жайларды текшерип чыгып, сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде эскертүү белгилерин илип, түшүндүрүү иштери жүргүзүштү», — деп айтылат жергиликтүү бийликтин маалыматында.

2024-жылдын 18-майында Жыргалаң суусуна Михайловка айылынын тургундары — 2017-жылы туулган К.М.Т. жана 2016-жылы туулган Т.С.Б. түшүп кеткен.

Бир жума өткөн соң, 25-майда 2016-жылы туулган Т.С.Б.нын жансыз денеси табылган.

Андан кийин 28-майда Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыз — 2017-жылы туулган К.М.Т.нын сөөгү табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE