Пример HTML-страницы

Ак-Ордодо бузулган үйдүн айланасындагы урунттуу учурлар. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Ордо конушунда турак жайы соттун өкүмү менен түрттүрүлүп, 4 баласы менен көчөдө калган Марал Шараболотовага ошол эле жерде жаңы үй курулуп жатат.

Учурда бул үй-бүлө жергиликтүү тургундар тарабынан тигилген боз үйдө күн кечиришүүдө.

Марал Шаболотованын айтымында, үй курулган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алган. Бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан жерди талаша баштаган. Чыр ушул жылдын 1-октябрында Жогорку сотко жетип, жер Толкун Самудинованын пайдасына чечилген.

Бул окуя коомдо резонанс жаратып, 5-мартта жерине президент Жапаров барган. Ал Марал Шараболотова менен жолугуп, иштин чоо-жайын угуп, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Андан кийин президент Жапаров териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

6-мартта президент Садыр Жапаров жумушчу кеңешме өткөрүп, анда «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча маселе каралган.

Бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президент Садыр Жапаров Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырган.

Андан кийин 9-мартта УКМКнын басма сөз кызматы Сокулук районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирген. Бул иш жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөгү коррупция менен байланыштуу.

Расмий маалымат боюнча, Сокулук районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталган. Бул факт КР Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары А.К.Ч., каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т.у.Р жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М.А. менен А.К.А. кармалган. Шектүүлөр убактылуу камакка алынган.

«Бул кылмыштарга Сокулук районундагы жооптуу мамлекеттик кызматкерлердин жана кылмыштуу контингенттин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп айтылган маалыматта.

9-мартта Марал Шараболотовага курулуп жаткан турак үйдүн жеринин мыйзамдуу ээсимин деген Толкун Самудинова 9-мартта АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын маалыматы боюнча, жер тилкенин кызыл китебин мыйзамдуу алып, анын негизинде Жогорку сот анын пайдасына чечим чыгарган. Бул маселеде ортодогу алдамчылардын кесепети тийип жатканын белгиледи. Ага чейин Марал Шараболотовага экөө тең алданганын айтып, жерди сатууну, ага 10 миң доллар каражат берүүнү сунуштаганын, бирок ал көнбөгөнүн кошумчалады.

«2005-жылы ар бир жаран жер алууга укуктуу деген саясаттын негизинде кезекке туруп, 2007-жылы айыл өкмөт токтом чыгарып беришти. Ал жылы шартыбыз болбой, 2009-жылы гана курулуш баштайлы дегенде, бул тилке жолго чыгып калган деп, биринчи токтомду жокко чыгарышты. 2013-жылы кварталдын уландысы болуп азыркы жер тилке (так дареги: Ак-Ордо конушунун 481-контурундагы №381 участок, 4 сотых) берилген. 2017-жылы кызыл китеп алгам.

5 жыл соттошуп жүрүп, Жогорку сот 2007-жылдагы токтомду негиз кылып, мендеги документти мыйзамдуу деп тапкан (2022-жылдын 27-сентябрындагы токтом).

«Акыйкат айымдар» коомунун чоңдордо колдоочулары бар экен. Мен 2 күн камалып чыктым, күйөөмдү СИЗОго чейин каматып коюшту», — деди Т.Самудинова.

Ак-Ордо конушунда бир эле жер тилкеге бир нече адам ээ болгон мындан башка дагы фактылар көп экенин маалымат жыйындын катышуучулары белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE