Ак куулар эмне үчүн Ысык-Көлгө учуп келишет?

Ак куулар эмне үчүн Ысык-Көлгө учуп келишет? Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун жана Тоң районунун көл жээгине ак куулар учуп келип жатканын жергиликтүүлөр байкашты.

Алардын айтымында, буга чейин бул аймакта балык кармагандар арбын болгондуктан ак кууларды көрүүгө мүмкүн эмес болгон. Бүгүнкү күндө булуңга ак куулардын жоон тобу жээкке чейин сүзүп келишүүдө.

Ысык-Көл облусунун калкы канаттуулардын ичинен ак кууга өзгөчө көңүл буруп келишет. Ак куулардын көлдү көркүнө чыгарып, байырлап жүргөнүн дайым жакшы жөрөлгөлөр менен байланыштырышат.

Эзелтен сулуу кыздар да ушул канаттууга салыштырылып, «Ысык-Көлдүн ак куусу» деп атап коюшат.

Биосфералык аймакта ак куулардын 3 түрү кезигет. Алар — куркулдак ак куу (кликун), шыйпылдак ак куу (шипун) жана кичи тундралык ак куу.

Адистердин айтымында, ак куулар октябрь-ноябрь айларында учуп келишет. Кышы жылуу болгон Ысык-Көлдө кыштап алып, март-апрель айларында кайра учуп кетишет. Алар көбүнчө Россия менен Казакстандан учуп келишет. Ысык-Көл көпчүлүк канаттуулар үчүн эс алуу, тамактануу, кыштап кетүүчү жай катары эсептелинет.

«Алардын ичинен тундралык ак куу — учуп келген түрү болуп эсептелет. Ал кээ бир учурда эле кездешет. Ысык-Көлгө дайыма учуп келгендер — куркулдак менен шыйпылдак ак куулар. Куркулдак ак куусу Кызыл китепке киргизилген», — дешет адистер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️