Ак көгүчкөн 7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн.
7- бөлүм.
Аврам экөөбүз аябай жакын мамиледе болуп кеттик, мен Аврамсыз жашоомду элестете албай калдым. Аврам мага сүйүүсүн күн сайын билдиргенде, дагы, дагы билдирсе экен, өмүр бою сүйүүсүн даңазалап турса деп ичимден тилейм. Сүйүүгө ушунчалык мас болгонумдан мурунку өткөн жашоомду эсимден чыгарып койдум. Бул тууралуу Аврам билбегени жакшы деп өзүм чечим кабыл алдым. Ал тургай Аврам бул жакта даарыланып жүрөм дегени эстен чыгып, кайсы жерин ооруйт!- деп сурабаптырмын. Мен Аврамды сүйөм, ушундай азаптан соң мага махабаттын таттуусун бергениң үчүн ыраазымын. Люда апам эмнегедир акыркы күндөрү алдан тайып баштады, жумуш кылдырбай көзүнүн кареги менен тең айланып, жакшы болуп кетсе деп болгон аракетимди жумшадым. Өңү бозоруп, төшөк тартып калды.
— Айжамал, келчи сөзүм бар.
Ооруп жаткан адам жанына чакырганда, жүрөгүм оозума келе түшөт, коштошуу үчүн чакырат же акыркы кербезин айтууга.
— Люда апа, бошобой жатам. Тамак бышырып бүтөйүн, анан экөөбүз сүйлөшүп чогу тамактанабыз.
Коштошуудан качсам эле, ооруп турган адам эч жерге кетпей калчудай болдум. Люда апамды Кыргызча чоң апа десем сүйүнүп калчу бечара, биринчи түшүнбөй жүрүп, кийин түшүндүрсөм чын жүрөктөн кубанган эле. Жалооруган көздөрү мени бөлмөдөн жибербей, күч менен мажбур олтургузгандай Люда апамдын жанына сулк олтуруп калдым. Колдорунан өөп, ыйладым. Эмнеге мага апа буйруган эмес экен. Же мен ушунчалык жаман инсанмынбы? Бардык, бардык апаларымды тартып алат. Апам башымдан сылап, орусча шумдук кулакка жагымдуу сөздөрдү айтып, эркелетип баштады. Үнү, колдору, муундары титиреп, ичер суусу түгөнүп калганын билдирип турду.
— Айжамал, ушул кезге чейин сага өзүм тууралуу айткан эмесмин. Же жүрөккө бекем катылган сыр, арман боюнча калсын дедимби. Же сенин дагы жаш жүрөгүңдү оорутпайын дедимби, айтор айткым келген эмес. Мен сенин уруксатынсыз бир иш жасап койдум, бирок мен айткым келбейт. Мени ушул мээримиң менен жерге беришинди каалайт элем, балким мен кылган иштин пайдасы тийип, бактылуу болуп кетесиң. Эгер андай болбосо мени кечирип кой, кечирим алуу үчүн бул үйүмдү сага калтырдым. Аврам экөөң үйлөнүп, менин жарыгымды өчүрбөй олтургула. Аврам жакшы бала, сени бактылуу кылат кызым. Мындай кадамга барганымдын себеби бар, мен өлгөн соң билип калып мени жек көрүп жүрбө. Менин жалгыз кызым бар болчу, ал кызым мектептин, университеттин мактанычы болду. Мен кызыма чоң үмүт арттым, кызымдын билим алуусун кааладым. Ошол үчүн биз жашаган чоң атамдан калган үйдү сатып, бул жака көчүп келдим. Кызымдын татыктуу билим улуусу үчүн гана. Бирок, турмуш мен ойлогондой болгон жок. Бир жөнөкөй, кара жумушта иштеген баланы сүйүп калды. Мен каршы болдум, талабыма катуу турдум. Окуп бүтмөйүнчө, сүйүү иштерин жыйнашын талап кылдым. Анан ал бала татыктуу эмес экенин, ага тийсе өмүр бою мага окшоп кор болуп өтөөрүн эскерттим. Эркектер, аялдардын өзүн кечип кетүүсүнө татыксыз экенин айттым. Кызым макул болуп, сүйлөшпөй жатам дегени менен жашыруун кездешип жүргөнүн жүрөгүм сезип эле жатты. Анан боюнда болуп калды, мен алып барып зордуктап алдыртып салдым. Бала биздин кыла турган иштерге тоскоол гана болот деп ойлодум. Баланы алдыртканын угуп сүйгөнү таштап кетиптир. Ошондон кийин кызым экөөбүздүн ортобузда калың дубал пайда болду. Жакын болбой калдык,кызым мага мурункудай эркелебейт. Ал тургай мен бармынбы, жокмунбу иши болбойт. Мен каалагандай окууну кызыл диплом менен аяктады. Мен каалагандай бай күйөөгө чыкты, карьера түздү. Бирок балалуу болбой калды, бактысыз кылып алдым кызымды. Жумушта ийгилик жаратып, кызматта турса дагы кызым бактысыз болду. Бала багып алгыла дедим кенебей, акыры күйөөсү таштап кетип калды. Кызым мени менен катышпай койду, канча жолугууга аракет кылсам дагы артты карап кетти. Кийин ичимдиктен өчүн алып, берилип кеткенин билбей калды байкушум. Мен бакыт көргөн ийгиликтери жолдо калды, кызым өзү дагы көчөдө калды. Акыркы күнгө чейин, көчөдө тилемчи болгонуна карабай менин жардамымды кабыл алган жок. Бечарам өлүп берип тынды, жерге бердим. Жок дегенде ошону уруксат бергени үчүн рахмат айттым. Ошол сыңары сени дагы жоготуп албайын дедим, өз кызымдай көрөм сени. Сүйүнүп турам, кызым мени жерге берет деп. Мындан мурун мен кызымды жерге бергем. Эне үчүн баласын өз колу менен көмүү эң оор турбайбы.
— Макул, кантип сиз мага жамандык каалайт элеңиз апа. Эч бир эне баласына жамандык каалабайт, сиз уруксаатсыз кылган ишиңиз туура экенине көзүм жетет. Андан көрө тезирээк айыгыныз, биз үйлөнөбүз. Үчөөбүз чогуу жашайбыз, неберелүү болосуз. Бул үй мага эмес бизге буйрусун апа. Мен ишенем кызыңыз сизди кечирди, анткени сиз боорукер адамсыз, кызыңызга жакшылык каалаган үчүн ошол нерсеге бардыңыз да. Ошондон көп өтпөй Люда апам көз жумду, Аврам жерге берүү милдетин мойнуна алып, баарын өзү кылды. Мен Аврамга аябай ыраазы болдум. Мен үчүн экинчи апамды өз колум менен жерге берүү, экинчи жолу жүрөгүмдү көкүрөктөн жулуп алган сымал болду. Люда апамдын эжеси, курбусу келди. Орустарда дагы кыркы деген сыяктуу бар экен, баарын өткөрдүк. Эмне кылууну билбей жалгыз калдым, жумушка барып келип жүрө бердим. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп Аврам дагы дайынсыз жоголуп кетти. Ооруканага барсам чыгып кеткен дейт, коңгуроо кылсам кетпейт. Мени колдоонун ордуна айтпай ооруканадан чыгып кетиптир. Балким, мекенге кетип калган окшойт деп ойлодум. Аврамды күтүүдө бир күнүм бир кылымга тете болуп, сагыныч бир четинен эмне болду деген ой, мени буттан жыкты. Таштап кеткени анык, себеби бир ай өтсө дагы бир кабар болгон жок. Мени ак сүйүүсүнө ишендирип алып, эмне пайда көрдү? Эмнеге мени таштап кетти,? Бир ооз түшүндүрүп кетсе, кыйналсам, азап тартсам дагы жиберет элем. Мындай кырдаалда таштап кеткени өтө өкүнүчтүү мен үчүн. Мен ишенген адамдардын баары саткынчы. Кээ бири аркы дүйнөгө кетсе, кээ бири жөн гана сатып кетти. Кээ бир айтпай ара жолдо калтырды. Мейли, Аврамды өмүр бою, кылымдап күтүүгө даярмын. Биздин ортодогу сүйүүнүн оту чын болчу, ал жылуулукту бизден эч ким тартып ала албайт. Ал мезгил, ал сезим, ал жалын, ал сүйүү бизге гана тийешелүү. Ал мендик, мен андык, түбөлүк. Канча убакыт өтүп, чын эле мени таштап кеткени анык көрүнүп турса дагы мойнума алгым келбейт. Сагынам, кусалык деген мени кебез менен муунтуп ойноп жатат. Мокок бычак менен тирүүлөй союп жаткандай. Түшүнбөйм, кантип мен сүйгөн адам, мени сүйгөн адам мындай кадамга барат? Деги башкаларга бирөөнүн сезими, ишеничи, сүйүүсү, тагдыры тамашабы? Кантип бир ооз айтпай кетип калат, эмнеден жаздым? Эмнени туура эмес кылдым? Биздин өткөргөн күндөрдү, сүйлөшкөн сөздөрдү бирин калтырбай эстеп, себебин табууга тырыштым. Бир гана жерден адашкан элем, Жунусту кыя албай, Аврамдан качып жүргөндө. Бирок Жунус тууралуу эч нерсе билбейт эле, жөн гана көпкө ойлондум деген элем. Бул жерде башка себеп бар. Жашоомду каптап алган караңгы күндөрдүн биринде мага бейтааныш кыз коңгуроо кылып калды.
— Айжамал деген сенби?
— Ооба, мен. Сиз ким элеңиз?
Ооба!-деп алып кайра коркуп кеттим. Жүрөгүм тез согуп, демим кысылып кетти. Дүйшөн мени таап алдыбы деп, шаша телефонду өчүрүп салдым. Түн ичинде кайра күйгүзүп карасам билдирүү келиптир. » Аврам сени сурап жатат, ал ооруканада. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда турат. Кааласаң келип, коштошуп кет».
Шашып кайра коңгуроо кылсам өчүк экен, кайсы ооруканада экенин айтпаптыр да. Таң атканча миң жолу байланышууга аракетим текке кетти. Мен таап барганча Аврамым өлүп калчудай, катуу ойлондум. Дагы жакшы жанагы кыз кайра өзү байланышып калды. Эжеси экен бир-тууган. Айткан жерине дароо даярданып, жөнөп кеттим. Шаардын четинде жайгашкан кызыкча оорукана экен. Аврамдын эжеси тосуп алып, кучактап аябай ыйлады.
— Аврамдын аз гана жашоосу калыптыр. Эки жыл мурун эле бөйрөктөн ооруйсун!- деп айтышкан. Соолуп калыптыр, азыр аппараттын күчү менен жатат. Бечарам даарыланып жүргөн, таасир этпей бир ай мурун мынтип калды. Өзүнө келбей, келсе дагы сөздөн адашып калды. Биз сенин бар экениңди билген жокпуз, кыжаалат болсоң керек. Эки күндөн бери бир аз жакшы, сени эстептир бечарам. Катуу сүйөт окшойт, коштошуп алайынчы дейт тим эле. Доктурлар дагы өлүм алдындагы дене түзөө болушу мүмкүн дейт. Мен го мейли эптеп чыдайм, апам байкуш кантет экен. Сен кантесиң…
— Эже, эмне операция кылса болбойт экенби? Мен уккам, бир бөйрөк менен адам жашаса болот деп. Сактап калса болот да, кантип болбосун.
— Туура болот, бирок Аврамдын канынын группасы сейрек кездешүүчү. Менин бөйрөгүм туура келбейт, сүйүнүү менен берет элем. Апам болсо оорулуу, болбойт. Кайгырып жатып апам дагы жатып калмай болду. Эми эмне кылабыз? Сага үйлөнүп, балалуу болуп, бактылуу жашасаңар болбойт беле? Бул дарт кайдан байкушума жабышты экен.
Аврам эжекеси бар экенин эч айтчу эмес, жер чапкылап ыйлап жаткан эжесин көрүп бир чети ичим ачышат, бир чети ичим жылыйт. Кандай жакшы бир тууганың бар экени, бөйрөгүн аябаган бир гана бир-тууган менен эне эле болсо керек. Жок анан сүйгөн адамың. Мен деле Аврам үчүн жүрөгүмдү дагы аябайм. Мен аны сүйөм, эгер менин бөйрөгүм Аврамды ажалдан алып калса мен кубануу менен берем. Эжени кучактап өзүм дагы ыйладым, анан сооротуп, Аврамдын жанына кирдим. Беш мүнөткө эле уруксат берилген. Менин Аврамымдын көздөрү башкача негизи, азыр болсо ооруп калганына менден кечирим сурап тургандай. Ооба, ооруп кабарсыз кеткени үчүн өзүн күнөөлүү сезип жатат да алтыным. Көздөрүнөн айланып кетсем болот, өпкүлөп алдым.
— Жаным, сен сөзсүз жакшы болосуң. Көрөсүң го менин бөйрөгүм сага туура келет, сага бардык нерсемди берүүгө даярмын.
Аврам сүйлөөгө күчү жетпей, араң башын чайкады. Бул каршымын деп жатканы окшойт, көрмөксөнгө салып чыгып кетип калдым. Врачка барып, керектүү анализдерди тапшырып койдум. Эми эртең натыйжа чыкканча, айнектен болсо дагы Аврамды карап тура алам. Аврамдын мени таштап кетпегенин билгем, жүрөгүм сезген. Анын дем алуусу токтогон мүнөттө менин жүрөгүмдүн согуусу дагы токтойт. Бизде сыйкырдуу байланыш бар. Ошол олтурган жерде уктап калган экенмин, үстүмө бирөө бир нерсе жапканда ойгонуп кеттим. Аврамдын эжеси экен, таң атып кеткен тура. Үшүп жатканымды көрүп, үстүндөгү күрмөсүн чечип жаба калыптыр. Бул дагы Аврамдай камкор тура. Эмне деген керемет адамдар, мени ушундай жакшы адамдарга кездештиргенине рахмат кудайга.
Түштөн кийин анализдин натыйжасы да чыгып келиптир, биздин каныбыздын группасы бир экен. Үчүнчү, терс. Бул кан группасындагы адамдар бул биз жашаган планетада аябай аз экен. Сейрек кездешүүчү дейт. Эки күн кандайдыр даарыларды берип, мени даярдашты. Макулмун деген кол кат жаздырып алышты, ошондогу Аврамдын эжесинин көз карашы, рахматы, мээрими сүрөттөй алгыс көрүнүш эле. Мен бирөөгө жашоо, бирөөгө кубаныч, бирөөгө баласын кайтарып жатканыма бактылуумун. Доктурлар мени чечинтип, үстүмө жука өздөрүнүн кийимин кийгизип операция болуучу бөлмөгө алып жөнөштү. Оорукананын полу тегиз болсо дагы, жанагы темир араба баарыбир катуу үн менен жүрүп баратты. Жарык анан жөн гана ак, кайра жарык. Оорукананын тамы, аркы дүйнөгө узатып жаткандай экен тобо кылдым. Байкаган эмес экенмин мурун эмнегедир. Жакындаган сайын коркуп, бирок Аврамга болгон сүйүүм баш тартып кетүүгө жол берген жок. Ал жана мен.. бир эле операция кылуучу бөлмөдө сүйгөнүм менен жатам. Экөөбүзгө тең уктатуучу наркозун сайып коюшкан. Ошонун ортосундагы беш мүнөт мен үчүн керемет болду. Аврамдын көздөрү бир туруп ыраазы болсо, бир туруп капа. Дем алууга жардам кылган мурдуна кадалган желим нерсенин үстүнөн көз жаш жамгыр сымал тамып турду.. Баары жакшы болот!- дедим. Сүйгөнүмдүн көз карашына тойбой, көзүмдүн жумулганына карабай ачууга аракет кылдым. Сүйүүнүн көздөрү, бактылуулук…….

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️