Ак-Буура дарыясындагы суу тазаланган соң Ош шаарына таза суу бериле баштады

TurmushОш шаарынын аймактарына таза суу саат 14:25те берилди. Бул тууралуу Ош суу чарба муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Буура дарыясынын суу ылайлануусу нормага түштү. Нѳшѳрлѳп жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланганы нормадан жогору болуп кеткен. Ушундан улам Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү чукул убакытта токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️