Ак-Буура дарыясындагы 10 көпүрө бузулуп, 160тан ашык соода түйүнү алынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарынын аймагындагы Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган 10 чакан көпүр бузулду. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов билдирди.

Анын айтымында, алар А.Навои көчөсүндөгү «Достук» көпүрөсүнөн тартып Раимбеков көчөсүнүн тушуна чейинки аралыкка курулган көпүрөлөр болуп саналат. Көпүрөлөрдүн көбү жеке жактарга тиешелүү.

«Аталган даректе курулган көпүрөлөрдүн иш кагаздарында соода түйүндөр жок деп көргөзүлбөгөнү менен алардын ээлери көпүрөлөрдүн үстүн базар катары пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө көпүрөлөрдүн үстүнө уюштурулган 164 соода түйүнү алынды.

Өз учурунда борбордук базар менен Тилеке баатыр көчөсүн бириктирип, Ак-Буура дарыясынын үстүнө 12 көпүрө курулган», — деди ал.

2024-жылдын 14-июлунда катталган селде агып келген бак-дарактар, таштандылыр аталган көпүрөлөргө тыгылып, сел суулары борборук базарды жана «Бексултан» базарын каптаган. Анын кесепетинен адам өмүрү кыйылып, соодагерлердин буюмдары агып кеткен. 3 көпүрө бузулуп, жараксыз абалга келген.

Пример HTML-страницы

———————————————————

2024-жылдын 19-июлунда өткөн жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынышы керектигин билдирген.

«Бизде Суу чарбанын өзүнүн жобосу бар. Ошонун негизинде ошол сайлардын, суу каналдардын кайтарылуучу зона деп коет, жээктерде 50 метрден кийин гана курулуш жүрүш керек. Ошону такташыбыз керек. Эгер ошол ушул убакка чейин сакталбаган болсо, мындан ары ушуну сактагыла.

Акимдер, айыл өкмөттөр, суунун жээгине, сел ташкыны боло турган жерден жер тилкелерди бербейсиңер. Эгер бере турган болсоңор, сөзсүз ӨКМ менен кеңешкиле.

Кооптуу жерлерге чайканаларды, тапчандарды курууга тыюу салынат. Ар бир айыл өкмөт аймагыңарды карагыла. Эгер тилиңерди албайбы, анда укук коргоо органдарына кайрылгыла», — деген Ташиев.

———————————————————

Turmush 2024-жылдын 18-июлунда Ош шаарындагы борбордук базардын айланасында Ак-Буура дарыясынын үстүнө мыйзамсыз курулган көпүрөлөр алына баштаганын жазган.

Бул иштерге соодагерлер каршылыгын билдирип чыгышкан.

«Бул жердин барын бузуп салышыптыр. Макул, бизге келип 3-4 күн мурун эскертүү берсин. Биз товарларды алып чыгып кетмекпиз. Бүгүн келип, эскертүүсү жок эле баарын бузуп жатат. Бизге башка жерден орун таап берсин, көчүп кетебиз. Азыр эми товарлар менен кайда барабыз?», — деген соодагер Мирбек Жунусов.

Айрым соодагер айымдар контейнерлердин алынышына каршы болушкан.

Ош шаарынын мэриясынын муниципиалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов бузуу иштери боюнча эскертүү ай сайын берилип жатканын билдирген.

«Азырынча көпүрөлөр бузулуп жатат. Контейнерлерди кийинки иштерде алабыз. Шаардык кеңеш тарабынан бизге «базардагы өз билемдик менен салынган көпүрөлөрдүн бардыгы алынсын» деп тапшырма берилген. Ошонун негизинде бүгүн иш-чара башталды. Азыр көпүрөнүн үстүндөгү соода түйүндөрү алынып жатат (көпүрөнүн үстүндөгү контейнерлер). Мыйзамдуу курулган гана көпүрөлөр калат дагы, мыйзамсыз деп табылгандар бузулат. Азыр болжолдуу түрдө 10го жакын көпүрөнү бузууну карап жатабыз. Архитектура иштеп жатат, комиссия түзүлгөн. Ошол комиссиянын негизинде алына турган участкалар гана алынат», — деген Пирматов.

14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды жана Навои паркын каптаган. Селдин кесепетинен парктагы аттракциондорду да кыян суу каптады. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан көпүрөлөрдү сел алып кеткен.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Ош шаарынын борбордук базарында жалпы соода багытында 842 контейнер болсо, анын ичинен 785 контейнерди суу каптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️