Ак-Буура дарыясынан аял кишинин сөөгү табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жансыз дене дарыянын Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпеген жеринде ӨКМдин куткаруучусу тарабынан бүгүн, 15-июлда саат 11:30да табылган.

Учурда дарыядан табылган жарандын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.

Буга чейин 15-июлда Ош шаарында селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылганы маалымдалган.

Маалыматка караганда, жалпы 5 адамды суу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Пример HTML-страницы

Кечээ, 14-июлда саат 22:40та 2018-жылы туулган Н.С. аттуу кыздын сөөгү Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан табылган.

Бүгүн издөө-куткаруу иши 4 топко бөлүнүү менен башталды. Издөө иштери Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы), Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында уланууда.

Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды. Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар бар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.

Ош шаарында селден 146 турак үй жана 5 эс алуучу жай жабыркады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ошондой эле 8 өтмөк көпүрөгө зыян келтирилди.

Эртең менен селдин кесепеттерин жоюу иштери башталды. Жерине куткаруучулар жана Ош шаарынын коммуналдык кызматтары тартылды.

Селден кийин борбордук базарга электр энергиясын берүү токтотулган. Ал жерге Ош ШИИБдин өздүк курамы тартылган.

Кечээ, 14-июлда Ош шаарында сел жүрдү. Булга байланыштуу Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван—Ак-Буура каналына 7 автоунааны сел агызып кеткен.

Озгур айылында селден жарандарды өткөрүү үчүн элди «КамАЗ» унаасына түшүрүп жатышып, унаа жылып кетип, 1 жаранды тебелеп кеткен. Анын кесепетинен аталган жаран жеринде каза болгон.

2024-жылдын 14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, алар бир үй-бүлө — 1980-жылы туулган Д.Н. (аял киши), кыздары — 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М., 2018-жылы туулган С.

Каттуу келген селден улам Ош шаарынын аймагындагы бир катар коммуналдык тармактарда авариялык абалдар катталды.

Маалыматка караганда, көмөкчү чордондорду, мамычаларды жана таза суу насостук станциясынын түтүктөрүн сел алып кетти. Мындан сырткары борбордук базар да убактылуу жабылып, электр энергиясын берүү токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️