Ак-Бешим айылынын тургундары 33 гектар жердин трансформациялоону тездетүүнү суранышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй районунун Ак-Бешим айылынын тургундары 33 гектар жерди трансформациялоо маселеси менен кайрылышты. Бул тууралуу 2024-жылдын 19-августунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун эл менен жолугушууда айтылды.

Жыйынга ошондой эле ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев, Чүй районунун акими Русланбек Тагаев, укук коргоо органдарынын, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ак-Бешим айылынын тургундары 33 гектар жерди трансформациялоо маселеси кечеңдеп, бул алардын нааразычылыгын жаратып жатканын айтышууда. Ошондой эле Чүй районунун акиминин орун басары Сагынбек Оморовго [Оморов Сагынбек Сабыркулович – Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары] сындар айтылды.

«Жерибизге документ ала албай жатабыз. Азыркы акимге рахмат, анын жардамы менен биздин жер маселебиз күчүндө деп, трансформацияга кетип жатат. Ал эми Чүй районунун акиминин орун басары Оморов Сагынбек Сабыркулович – үстүнөн облус жетекчиге арыз жазганын айтты.

«Бизге окшогон карпайым адамдар менен сүйлөшө албайт. “Келбегиле, эмне келесиңер?” деп бизге үстөмдүк кылып сүйлөйт. Мына ушул жерде өзү отурат. Карапайым эл кайрылып барса кагып-силкип, жакшы мамиле кылбайт. Биздин айыл өкмөт башчы да ушундай, “барган жериңерге баргыла, кылып алгыла” дейт.

Пример HTML-страницы

Жер боюнча Садык Эгембердиевич деген Чүй районунун прокуроруна арыз жазганбыз. Азыр жумуштан кетип калыптыр. Ал деле убагында ишти жаап койгон, караткан эмес. Андан кийин Жайылкан деген бала келгенде ага кайрылсак, биздин ишибизди караган.

Облустук прокуротурага да жазганбыз. Башкы прокурорго жазып келдик. “азыр бул жактан эмне келдиңер, силердики трансформацияга кетип жатат” деп жатышат. Сизден сураныч, ушул маселени акыр-аягына чейин карап бериңиздер», — деди тургундар.

Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Чүй-Токмок бөлүмүнөн билдиришти.

«Булар айтып жаткан жер Кыргыз ССР кезинде 1991-жылы №528 токтом менен чыккан экен. Бирок, кандайдыр бир себептер менен ал токтом 1992-жылы “Кыргызгипрзем” мекемеси жасаган инвентаризацияда бул жер ППСтин карамагына өтүп кеткен. Биз ал боюнча көп жерлерге кайрылдык. Бирок, биздин талаптар бул ППСтин жери болгондуктан аткарылбай келген. 2013-жылы кайрадан инвентаризация болуп, ал дагы аягына чыкпай калды. 2023-жылдан баштап өзгөртүүлөр киргизилип, 2024-жылы Чүй райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте инвентаризацияны кайра жасап, район боюнча бүтүрдүк. Иштер жүрүп жатат.

Бул №130 контурдагы жерде 47 гектар жер бар. Анын 17 гектары таза болуп, мунапыстын алкагында таралды. Калган 33 гектар жер ушундай», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️