Пример HTML-страницы

Ак-Башат айыл аймагында 5 км аралыкка тоскоолдуктар менен чуркоо уюштурулду. Аны эгиздер жеңип алды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Башат айыл аймагындагы арканын ачылышына карата уюштурулган тоскоолдуктар жарышында Жайыл районунун Арал айылынан эгиз бир туугандар жеңишке жетишти.

16-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагында жергиликтүү жаштардын каражатына курулган арканын расмий ачылышы өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, арканын долбоорун төрт архитектор — Ак-Башат айыл аймагынын айылдарынын тургундары жасаган.

Салтанаттуу бөлүктөн кийин тоскоолдуктар жарышы өттү.

Мындай мелдеш бул жерде биринчи жолу өткөрүлдү. Марафонго 70тен ашык спорт сүйүүчүлөрү катышты.

Марафондун катышуучулары аска-зоо, көлчүк жана башка түрүндөгү табигый тоскоолдуктарга туш болушту. Жарыш аралыгы 5 чакырымды түздү.

«Жаштарды спортко тартуу, сергек жашоого үндөө, таза абада майрамдоо — спорттук мелдештин негизги мотиви», — дейт Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Жоомарт Мырзахматов.

Жарыштын жеңүүчүлөрү Арал айылынан 2005-жылы туулган тургундар — эгиздер Эльдар жана Эльзар Сагыналиевдер болду. Алар биринчи жана экинчи орунду ээлешти. Алардын ар бири сыйлык катары телевизор алышты.

Алар 5 чакырым аралыкты 30 жана 35 мүнөттө басып өтүштү.

Экөө тең спорт менен машыгышат. Эльдар жеңил атлетика, Эльзар күрөш менен алектенет. Алар мектепти жакында бүтүп, атасынын бизнесине жардам берип жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE