Айжамал Шакирова 36 чакырым жол жүрүп үйрөнгөн аспабы менен көптөгөн сынактарды багынтууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарындагы балдар искусство мектебинин тарбиялануучусу Айжамал Шакирова гитарасы менен сынактарды жеңип келүүдө. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

Талант ээси 2009-жылы 1-декабрда туулган. Учурда ал Жети-Өгүз районунун А.Алыбаков мектебинде 9-класста билим алат. Музыкадан сырткары спорт тармагына да кызыгып, учурда баскетбол ойнойт.

«Кичинемде скрипкада ойногон музыканттарды жакшы көрчүмүн. Ошондуктан башында скрипка классына тапшыргым келчү. Бирок мектеп кичинекей болуп, скрипка классы жок болгондуктан гитара классына кирдим. Алгач Жети-Өгүз районун Кызыл-Суу айылындагы музыкалык мектебинде билим ала баштадым. Анда гитара аспабы боюнча 2-класска чейин окудум. Ал эми 3-класстан баштап Каракол шаарындагы балдар искусство мектебине окууга өттүм. Быйыл бул мектепте 5-классты аяктап жатам», — дейт ал.

Ал Светлая Поляна айылында жашагандыктан Караколдогу мектепке жумасына 2-3 жолу келип билим алып кетет. Ал эми экзамен же сынактар болгондо жумасына 4 жолуга чейин келип, таланттын такшалтат.

«Гитара боюнча 1-класста билим алып жаткан кезде Ыбырай Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайы тарабынан уюшулган сынакта 1-орунду алдым. Бул мага абдан чоң дем берди. Демек мен бул аспапты мыкты үйрөнө алат экенмин деп, талбай окуй баштадым. Ошентип 2022-жылы биринчи жолу Д.Назарматовдун урматына гитара черткендердин эскерүү республикалык кароо-сынагы болду. Анда консерваториянын кичи залына чыгып, анда дагы 1-орунду багынтып алганым мен үчүн чоң жеңиш болду. Ал эми 2022-2024-жылдары Бишкек шаарында өткөн «Обон» сынагын 2 жолу жеңип алдым», — деди ал.

Айжамал алгачкы концертинде аябай толкунданган.

Пример HTML-страницы

«Биринчи жолу концерт койгондо аябай толкунданганым эсимде. Бирок көрүүчүлөргө толкунданганымды билдирбөөгө аракет жасап, сахнага чыгып ойноп башадым. Анда мен музыканын сыйкыр дүйнөсү өзүнө тарттыбы билбейм, толкунданганды унутуп, музыкага кирип, андан ырахат алып ойногон элем», — дейт ал.

Анын музыкага болгон кызыгуусуна үй-бүлөсү себепкер болгон.

«Атам мага дайым комуз чертип берчү. Бирок нота билбейт эле. Атамдын тубаса угуу жөндөмү бар. Аны менен бирге бир тууган эжем, пианинодо ойночу. Анын колдорун карап, ойноп жатканын угуп отурчумун. Мындан улам алардын музыкалык аспаптары мага дем берип, кичинемден бул сыйкыр, кооз дүйнөнү таанытышты», — дейт ал.

Музыкага болгон кызыгуусу дүйнө таанымын өстүрүүгө да өбөлгө болгон.

«Иш-чара, сынактарда түркүн талант ээлерин көрүп, баарылашып, бирге окуган кыздар, балдар менен сүйлөшүп, ой-жүгүртүүң өсөт экен. Ар бир маданий массалык иш-чаралар жан дүйнөңдү байытып, музыканын сыйкыр дүйнөсүн кенен таанууга түрткү болот.

Музыка — бул жан дүйнөнүн азыгы. Ал менен адам ички дүйнөсүн, табияттын сулуулугун, арзуусун, муңун жакшы жеткире алат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️