Айзада Абдасбек кызы баланын алгачкы тиштери чыккан учурда колдонулган ырым тууралуу айтып берди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылынан 50 жаштагы тургуну Айзада Абдасбек кызы жаш балдардын алгачкы тиштери чыкканда колдонулган ырым тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, бул ырымды көп ырым-жырым билген айымдан үйрөнгөн.

«Баланын тиши билинбей чыгып калуусу үчүн наристени аппак таза сулпка (ак бөз же ак кездеме) отургузуп, башына ак кездеме жаап, бир чакан чыныга күрүчтү толтуруп ымыркайдын төбөсүнө ылдый төгөт. Төгөрдүн алдында «Бисмиллах рахман рахим, тишиң ушул күрүчтөй билинбей, бадырайып чыгып калсын» деп айтат. Ак сулпка түшкөн күрүчтү чогултуп алып, үй-бүлө мүчөлөрү аш кылып, бышырып жеп коет.

Өзүм ырымга көп ишенбейм. Бирок ушуну балдарым кичинесинде ырымдап, жасап көрдүм. Чын эле тиштери качан, кантип чыгып калганын байкабай, кийин көрчүмүн. Негизи балага алгачкы сүт тиштер чыгып жатканда дене табы көтөрүлүп, башы, колу ысып, тынчсызданып ыйлайт», — деди ал.

—————————————————

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush басылмасына Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы Шакен Мамбеткадырова ымыркайдын тиштери чыгып жатканда эне тарабынан кандай жардамдар берилиши керектигин айтып берген.

«Бала төрөлгөн соң айрымдарында 3-4 айынан тарта, кээ биринде 7-8 айынан баштап сүт тиштери чыга баштайт. Кальций витамини жетишпеген баланын тиштери 8-9 айында чыгат. Көбүнчө баланын ден соолугуна байланыштуу болот. Эгерде итий (3 жашка чейинки балдардын оорусу) илдети менен ооруган бала болсо, кеч жарылып чыгышы мүмкүн. Баланын сүт тиштери чыга баштаганын байкаган эне ага кам көрүүсү абзел. Колун таза жууп, бинтти сөөмөйүнө ороп, алдын ала демделген ромашка суусуна же жөнөкөй эле кайнатылган жылуу сууга малып алып баланын бүйлөлөрүн, жаңы чыккан сүт тиштерин акырындан сүртүү керек. Муну күнүнө 2 жолу сүт тиштери толук чыккыча жасай берсе жакшы натыйжасын берет.

Көпчүлүк энелер арасында баланын тиши чыгар алдында ичи өтүп, дене табы көтөрүлөт деген түшүнүк бар. Бирок такыр андай эмес. Ден соолугу чың, ички организми таза бала тиши чыгар алдында азап тартып, оорубашы керек. Инфекциясы бар балада ичи өтүп, баланын шайын алып коёт. Ошол эле учурда тиш чыгарда балага оору берет, бала ыйлайт, тиштеринин түбү бөлтөйүп шишийт. Анткени тиш бүтүн жерди тешип чыгып жатат. Ошол кезде ооруну басаңдатуучу дары берип койсо болот.

Көпчүлүк балдар физикалык симптомдорду сезишет. Көптөгөн балдар оюнчуктарды, манжаларды же башка нерселерди тиштеп же соруп алышат. Эгер бала дагы бир нерсени тиштеп же соруп жаткандай сезилсе, бул анын тиш чыга турганынын белгиси», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️