Айылдык кеңештин депутаты Ж.Сагынбекованын күйөөсү эки күндөн кийин гана кимге баш кошконун билген

Акыркы жанылыктар

TurmushЖылдыз Сагынбекова маданий кызматкер болуп бир топ жылдан бери эмгектенип келет. Нурманбет айылдык кеңешинин депутаты да болуп иштейт.

Каарманыбыз 1963-жылы 24-августта Ысык-Ата районунун Жетиген айылында жарык дүйнөгө келген. Кесиби боюнча маданий иш-чараларды уюштуруучу, 4 баланын энеси. Учурда 12 небереси бар.

Ал эмгек жолун 1981-жылы «Калинин» совхозунда баштаган.

«1990-жылы Эпкин айылынын маданият үйүнө чакырышкан. 1991-жылы Токмок шаарындагы маданий агартуу техникумуна тапшырып, аны 1994-жылы аяктадым. Ошол жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жатам. Тактап айтканда, Нурманбет айыл аймагынын А.Токтоналиев айылдык маданият үйүнүн башчысы болуп 33 жылдан бери иштеп келе жатам.

Союз менен эгемендүүлүктүн ортосундагы эң унутулгус күндөрдү эстесем, биринчи элдин кыйналганы эске түшөт. Совхоз, колхоздор тарап, ликвидаторлор келип, союздун мүлктөрүн таратып салды. Эл жегенге уну жок калган күндөр болду. Жүгөрү нан жешти. Союз учурунда салынган курулуштар талкаланды. Дүкөндөрдө товарлардын баары бир заматта жок болуп, талон менен нанды ченеп берип калганбыз. 1996-жылы дыйкандарга 49 жылга үлүш жер бөлүп берди. Ошондо эл эгин айдап, талаа иштетип баштады. Биз үлүш жерибизге буудай, кызылча айдап, мол түшүм алып, түшкөн кирешеге ат араба алганбыз. Анда ат араба азыркы унаанын жумушун аткарчу», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Жылдыз айымдын жолдошу ага үйлөнүп жатканын билген эмес.

«Жолдошумдун таенеси бизге кошуна болчу. Мени сыртымдан карап, байкап жүрүптүр. Кызына барып (жолдошумдун апасына): «Ушул кызды алгыла, бышык кыз, шаарга кетип калса карматпайт» деп шаштырыптыр. Кайнатамдын инилери эки кайним болуп мени алып кетишти. Эң кызыгы жолдошума эч нерсе айтышпаптыр. Ал өзү деле мага үйлөнүп жатканын билбептир. Ошентип келин болуп, эки күн жүргөндөн кийин жолдошум менен тааныштым.

Менин үч кайненем бар эле — кайненемдин кайненеси жана анын кайын эжеси. Эки чоң кайненем 101, 102 жашка чыгып каза болушту. Өзүмдүн кайненем 83 жашында каза болду. Мен келгенде 43 жашта эле. Кайнатам оорудан жаш кезинде эле каза болуптур. Кайненем 7 чиедей бала менен чыркырап калган экен. Кайын журтум биздин айылдын урмат-сыйына ээ болгон инсандары эле. Айылда «Түмөнбайдын айылы келе жатат» дешип, тикелеринен тик турушчу. Ошого татыктуу кишилер эле. Байбичелери акылдуу, намыстуу, кайраттуу, сүрдүү эле. Мен ошол апалардын тарбиясын алып, ушул даражага жеткениме өтө сыймыктанам.

Ошентип жолдошум экөөбүз 1 кыз, 3 уул, 12 неберелүү болдук. Келиндерим ыймандуу, уулдарым намыстуу. Бир келиним китепканачы, кичүү келиним мугалим, ортончусу гүл өстүрөт. Жолдошум экөөбүз бир да жолу урушуп, ажырашкан жокпуз. Ортобузда ар дайым сый бар. Мен өмүрлүк жолдошума ыраазычылыгымды ар дайым билдирип келем», — деди ал.

Каарманыбыз «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.

«20 жылдан бери айылдык кеңештин депутаты жана экинчи жолу төрайымы болуп келе жатам. Элиме ыраазымын. Ысык-Ата районунун шайыр апалар тобунун жетекчисимин. Ысык-Ата районунун аялдар кеңешинин төрайымы, райондук ден соолук комитетинин төрайымы, Ысык-Ата районунун ардагерлер кеңешинин мүчөсү, Нурманбет айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы жана аксакалдар сотунун төрагасынын орун басары болуп, коомдук иштерге катышып келем. Айыл өкмөтүнүн долбоорлор боюнча адиси болуп иштеп келе жатам.

Айта берсем өтө көп иштерди жасадым. 2011-2012-жылдары марафон аркылуу мектептин бир капталын сурап, бала бакча ачтым. ФАП салдырдым. Долбоорлор менен иштеп, айылыма көп эле инвестиция тартып келдим.

Өз эмгегим менен алган сыйлыктарым менен сыймыктанам. Улуттук кол өнөрчүлүк жана улуттук кийимди өтө баалайм. Өзүм да ар дайым улуттук кийим кийип жүргөнгө аракет кылам. Өз улутумдун каада-салтын баалайм жана аны катуу кармайм. Ошондуктан бардык кыргыздын кыз-келиндерин өз улутубуздун кийимин кийүүгө чакырып келем. Улуттук кийим — тарбия, нарктуулукту, ыймандуулукту чакырат. Менин хоббим — гүл өстүрүү, курак куроо, кийиз буюмдарын жасоо.

Кыргыз элим улуу эл болгондуктан, улуттук кийимди, салтыбызды, ыймандуулугубузду, нарктуулугубузду сактаган мамлекет бойдон калсак. Кыздарыбыз ыймандуу болуш үчүн баарыбыз күч жумшасак деген максатым бар. Ар бир кыргыз төрөлгөндө кыргыздын нукура ысымдарын койгонго аракет кылсак», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️