Айылда иштеп жаткан 2 адам катары менен мүрт кетти (видео)

Акыркы жанылыктар

Turmush19-июлда Чүй районундагы Чүй айылында кудук казып жатып 2 киши токко урунуп каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

«Техникалык коопсуздук сакталган эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, кудук казган жеке менчик компаниянын атайын техникасы иштеп жаткан. Аталган техниканын кудук казган жабдыгы электр чубагыга илинип калган. Натыйжада кудук казуу үчүн техниканын жабдыгын камдап жаткан 2 киши токко урунуп каза болду. Ошондой эле атайын техниканын айрым бөлүктөрү күйүп кеткен», — деди алар.

Кийинчерээк каза болгондордун бири дзюдо боюнча КР спорттун чебери П.Г. экени белгилүү болду.

Окуяны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тастыктады.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️