Айыл турмушу: Түптүк Г.Шаршенов «Москваны» өз бакчасынан тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылынын 27 жаштагы тургуну Гүлчоро Шаршенов багбанчылык менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мектепти аяктарым менен жогорку окуу жайга тапшырбастан, чет өлкөгө иштеп кеттим. Чоң атам тирүү кезинде «ээ балам, ушул эле жерди иштетсең, ушул эле жер сага Москва болуп берет» дечү эле. Кичинекей кезимен жер иштетүүгө кызыгып жүрдүм. Бирок акча каражатынын жокутугунан улам Москва шаарына иштегени кетип калдым. Ал жакта жалпы 4 жыл жүрүп келдим.

Быйыл жазында кошуна Талды-Суу айылынан көчөттөрдү алып, көбөйтө баштадык. Ушул эле жылы түшүм берет десе, ишенбедик эле. Бирок күзүндө түшүмүн берди. Көчөт өстүрүүнү интернет булактарынан үйрөндүм. Видео көрүп отуруп эле, жаңы идея пайда болду. Учурда малина, мышык тамыр, бадыраң, бүлдүркөн, карагат өстүрөбүз. Кыкты убагында чачабыз, ортолорун отойбуз, ошол эле жетиштүү», — деди ал.

Ал былтыр малинанын килограммын 220-230 сомдон сатканын белгиледи.

«Былтыркы жылы 10 сотых жерге малина эксем, быйыл анын аянтын 70 сотыхка көбөйттүм. Чет өлкөлүк дыйкан жана багбандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көчөттөрдү сатып алып келдик. Түшүмдүүлүгү абдан жакшы, кардарлар көбөйө баштады. Көпчүлүк эл Полька сортундагы малинага басым жасап, кызыгып жатышат. Бирок «Маравилла» сортундагы малинанын түшүм берүүсү аябай жакшы, азырынча көбү билбей жатышат», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️