Айыл турмушу: Элмира Бешкемпирова окуучулары менен көз жоосун алган буюмдарды жасап келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну Элмира Бешкемпирова окуучу кыздарга шурудан ар кандай буюмдарды жасоону үйрөтүп келет. Чыгармачыл мугалим менен аймактык кабарчы маек курду.

Элмира Бешкемпирова 1974-жылы 11-апрелде Жайыл районунун Ак-Башат айылында туулган. Мектепти 1991-жылы аяктаган соң Балыкчы шаарындагы техникумдан кол өнөрчүлүк боюнча билим алган.

«Үй-бүлөдө 11 бир туугандын жетинчисимин. Бешөөбүз кыздарбыз. Андыктан кичинемден бири-бирибизге билген өнөрүбүздү үйрөтүп, бири-бирибизге жардам берип чонойдук.

Жолдошум Азизбек менен Балыкчы шаарында 1993-жылы таанышып, баш коштук. Негизи Чүйлүктөр бир аз орусташып калган экенбиз. Көл жергесине келин болуп келгенде кыргыздын салттарын, жөрөлгөлөрүн үйрөндүм. Чүйдө келин 1 күн гана жүгүнсө, көлдө жолдошунан улуу баардык туугандарына күндө жүгүнүшөт экен. Азыркыга чейин улууларды урматтап, жүгүнүп сый көрсөтүп турабыз», — дейт ал.

Эмгек жолун бала бакчада тарбиячы болуудан баштаган. Андан кийин кассир болуп, 2007-жылы Балыкчы шаарындагы балдар билим берүү борборуна ишке орношкон.

Пример HTML-страницы

«Бул борбор менин чыгармачылыгымды жандантты десем болот. Махабат эжей мугалим ар тараптан чыгармачыл адам болуш керектигин көп айтчу. Андыктан кол өнөрчүлүктүн бардык түрүн өздөштүрүп, учурда кыздарга мончоктон сабак берем.

Окуучулар шурудан кыздардын шакек, билерин, сөйкө, шуруларын жасашат. Аларды Кытайдан буйрутма менен алдырабыз. Ошондой эле бул жактан сапаттуусун дүкөндөрдөн тандап алабыз. Учурда орто жаштагы айымдар алтын, күмүштү тагынбай баалуу шуру, мончокторго өтүп жатышат. Мончоктун баасына жараша баасы коюлат. Мисалы бир эле даана шуру 60-200 сомго чейин болот. Бир катар кылып жөнөкөй тизсек, бир моюнга 33 мончок кетет. Анан ошол санга бааны көбөйтөбүз», — дейт ал.

Окуучулары менен шуру буюмдары менен эл аралык сынактарга, конкурстарга катышып байгелүү орундарды алып келишет. Анда панолор 3000 сомдон, шурулар 2000 сомго чейин бааланат. Ал эми сумкалар 1500 сомдон.

«Кыздар шуруларды сатып, кайра сатып алууга жана жасаган буюмдарынан бир аз болсо да каражат тапса дейбиз. Андыктан кыздар буюмдарын ошол баада эле сатып, кайра шуру алып кол эмгекке үйрөнүп келишет. Ошондой эле үйгө койгон сувенир, гүлдөрдү жасашат.

Айрым учурда ар кандай сынактарга катышчу кыздарга жөн эле беребиз. Анткени алар Балыкчы шаарынын намысын коргоп келишет да. Алар ар кандай сынактарга тагынып барышат. Ошондой эле жакындарыбызга белек кылабыз. Мен үчүн ар бир окуучунун эмгеги баалуу», — дейт ал.

Бул эмгектери бааланып, «Билим берүүнүн мыктысы», «Облустун мыкты мугалими» наамдарын алган.

Жолдошу экөө 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️