Пример HTML-страницы

Айыл тургундары жана баш имам үн катты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 4-июнда Сузак районуна караштуу Сайпидин Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылынын тургундары элдик жыйынга чогулду.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жыйынга Сузак райондук мамлекеттик администрациянын кызматкери Азамат Маматжанов, Сузак районунун баш имам хатиби Жунус Исмаилов, Атабеков айыл өкмөт башчысы Касым Искенажиев жана аксакалдар, аялдар кеңешинин өкүлдөрү, активисттер катышты. Анда 2024-жылдын 30-майында түндө айылдагы №4 Б.Шамшиев жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин кире беришиндеги дарбазага жана Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратында илинген Кыргызстандын туусун алып, ордуна ак матага арап тилинде жазылган жазууну илип кеткен окуя талкууланды.

Жергиликтүү тургундар өлкөнүн желегин өрттөгөндөр жоопко тартылуусу керек деген пикирде. Алар Бек-Абад айыл эли тууралуу коомчулукта жакшы пикир айтылбай жатканы аларды да ойлондуруп, орун алган окуя үчүн бүтүндөй бир айыл, айыл аймак тургундарына сөз тийип жатканын айтышты. Ошол эле учурда мамлекеттик атрибуттарга болгон кайдыгерлик мамиле бар экенин аталган окуя да тастыктаганы белгиленди.

Сузак районунун баш имам хатиби Жунус Исмаилов айыл элин мамлекеттик атрибуттарды сыйлоого чакырды.

«Ар бир иш Алла Тааланын өкүмү менен болот. Атабековдо тууга болгон сый-урмат кетип калган болушу мүмкүн. Балким ошол үчүн бул окуя жүз берип кеткендир. Мындан ары желегибизге болгон мамиле бийик болуусу үчүн бул окуя болгондур. «Бир кумалак бир карын майды чиритет» деген кыргызда жакшы кеп бар. Акылы тайкы, мекенине сүйүүсү жок бир адамдын айынан бүтүндөй бир айыл өкмөт эли сөз болуп жатат. Биздин мамлекетке болгон сүйүүбүз, урматыбыз ушул мамлекеттик атрибуттарга болгон мамиледен башталат. Канчалаган спортчуларыбыз, билим чөйрөсүндөгү адамдар биздин туубузду көтөрүп, даңазалап жатат. Аларга сыйлык керек эмес, желегибиздин көтөрүлгөнүнө сыймыктанышат. Биз алардын жетишкен ийгиликтери үчүн кубанып, кубаттап калабыз го. Туурабы? Туулуп-өскөн жерибиздин баркына жетип, баалап жашайлы. Туубузду биз сыйлабаганда ким сыйлайт? Эл арасында бузукулар пайда болсо, тартынбай айталы, укук коргоо органдарга кабар берели. Диний билим алган жайлардын баарында эртеңден тарта окуулар гимн менен башталат», — деди ал.

Бек-Абад айылынын тургуну Казим Зархошев тууну өрттөгөндөрдү ачык алып чыгуу керек деп эсептейт.

«Тоннель казылган окуя да Бек-Абад айылында болду. Туу өрттөнгөн учур да биздин айылда орун алды. Баары өзүбүздөн болуп жатат. Аксакалдар жаштарга насаат айтууну күчөтөлү. Туу өрттөгөндөр биздин айылдан болгон болсо ачыктагыла, ошол адам да уялсын. Бүтүндөй айыл эли ыңгайсыз абалда турабыз», — дейт ал.

Б.Шамшиев атындагы орто мектептин директору Гүлчехра Шарипбекованын айтымында, мектептин дарбазасында илинген туунун ордуна ак матага илинген жазуу таңкы саат бешке жетпей алынган. Кошумча туу болгондуктан дароо ошол сааттарда эле башка желек илинген.

«Багымдат намазына турган элем. Кароолчум байланышып, желектин ордуна ак желек илинип калганын айтты. Мен дароо илинген желекти алып салуусун айттым да, өзүм да мектепке жөнөдүм. Милицияда жана райондук билим берүү бөлүмүндө иштегендерге кабарладым. Мен келсем, орган адамдары келип калышыптыр. Туу өзгөргөндөн кийин мектепке жаңы желек берилип, илинген болчу. Кошумча туу бар үчүн саат 5терде илип койдук. Алмаштыргандар мектептин видеокамерасына түшүп калган. Тууну алмаштырган адамдын жүзү жабылган, кара кийимчен экен», — деди ал.

Жыйынга келген Бек-Абад айылынын активисттери мындан ары мамлекеттик атрибуттарга болгон мамилени бийиктетүүгө болгон аракеттерди көрөрүн, мечиттерге да туу иилинип, медреселерде гимн айтылуусун өзгөчө колдой турганын, мекенди сүйүүнү атуулдук парз катары кубатташарын белгилешти.

Атабек айыл аймагында 30 миңге чукул калк жашайт.

————————————————-

УКМК Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялдардын көмүскө диний-экстремисттик түйүнү аныкталганын билдирди.

Быйыл 30-майга караган түнү Бек-Абад айылында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин атайылап өрттөп жок кылуу фактысы катталган. Өрттөлгөн мамлекеттик желектин ордуна арабча жазуусу бар ак тууну илип коюшкан.

УКМК менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттик символикаларды өрттөө кылмышын уюштуруучулар жана күнөөкөрлөр аныкталды. Комитеттин маалыматы боюнча, алар Бек-Абад айылынын 19 жана 16 жаштагы тургундары жана «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү.

«2005-жылы туулган А.К.М. 2022-жылы «ХТ» ДЭУнун катарын толуктап, ант берип, 2023-жылдын жаз айларында Бек-Абад айылынын тургундарынын арасынан өз алдынча жаңы жактоочуларды тартуу иштерин жүргүзө баштаган. 2023-жылдын күзүндө 2008-жылы туулган А.Н. анын шериги жана окуучусу болгону такталды. Буга чейин «ХТ» ДЭУнун аялдар канатынын мүчөсү болгон А.К.М. 2024-жылдын январь айынан бери желектерди алмаштыруу жана өрттөө иштерин жүргүзүп келген.

Алар 2024-жылдын жаз айларында Жалал-Абад шаарындагы «Береке» базарынан ак кездеме, «Бек-Абад» базарынан кара маркерлерди сатып алышкан. 30-майга караган түнү эки шектүү араб жазуусу бар ак желектерди даярдашкан. Бек-Абад айылындагы №4, №88 мектептин башкы дарбазаларында, ошондой эле уюлдук оператор мунарасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери алмаштырылган. Андан соң Бек-Абад айылындагы М.Сыдыков жана Ураимжан ата көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери өрттөлгөн.

19 жаштагы “А.К.М.” аттуу жарандын 1979-жылы туулган апасы Т.М.Ю. жана 1995-жылы туулган агасы А.у.А. кармалды. Тактап айтканда А.К.М.нын бардык жакын туугандары “ХТ” ДЭУнун жактоочулары болуп, атасы Ш.А.Ш. мурда экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда Россия Федерациясында иштеп жатат.

16 жаштагы А.Н. тууганынын (таякеси) камкордугунда ата-энесиз өскөн. Ал салттуу исламды карманат. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштын уюштуруучусу — 19 жаштагы А.К.М. экстремисттик идеологияны Бек-Абад айылынын башка тургундарынан үйрөнгөндүгү такталды. Атап айтканда, 1980-жылы туулган Б.М.Ш. жана 1977-жылы туулган У.З.С. жашы жете элек балдарга үйүндө «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун негиздерин жана идеяларын системалуу түрдө үйрөтүп, ошону менен алардын катарын Бек-Абад айылынын тургундарынын эсебинен толуктап турган.

19 жаштагы уюштуруучу А.К.М., анын 16 жаштагы жардамчысы А.Н., өрттөө кылмышын уюштуруучунун апасы Т.М. Ю. жана уюштуруучунун агасы А.У.А. кармалды. Ошондой эле Б.М.Ш. жана У.З.С. экстремисттик адабияттардын дааватчылары да кармалды. Кармалгандардын баарына тыюу салынган «ХТ» экстремисттик уюмуна мүчө болуу, айрым адамдарга таратуу максатында экстремисттик адабияттарды сактоо айыбы тагылууда.

Ал эми өрттөө кылмышынын уюштуруучусуна мамлекеттик символиканы жок кылуу боюнча да айып тагылды», — деп айтылат УКМКнын расмий маалыматында.

Бардык шектүүлөр убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE