Айыл тургундары жаңы жагдайларды айтышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Кочкор районундагы жол-транспорт кырсыгынын жаңы жагдайлары белгилүү болду.

Жаңы-Тилек айылынын жашоочуларынын айтымында, «Мерседес-Бенц Спринтер»үлгүсүндөгү кичи автобус Бишкек шаарынан Ак-Талаа районунун Баетов айылын көздөй келе жатып, Сары-Булак чөлкөмүнөн өтүп, Долон ашуусунда кырсыкка кабылган. Кичи автобустун алдынан жүк ташыган «КамАЗ» унаасы чиркегичи менен чыгып, чиркегич «Спринтерди» көздөй ооп, айдоочусу чиркегичтен качам деп жолдон чыгып, ала салып кеткен.

Кичи автобуста айдоочунун ата-энеси дагы болгон. Апасы кырсык болгон жерде көз жумган. Айдоочу өзү жана атасы оор абалда.

Буга чейин Тurmush 2024-жылдын 13-июлда Кочкор районунун Сары-Булак айылындагы жол кырсыктан 3 адам каза болуп, 14 адам жаракат алганын жазган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кырсыктан кийин Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 10 адам жеткирилген. Алардын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган, алардын экөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми 4 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Пример HTML-страницы

Ошондой эле аталган кырсыктан жабыркаган 4 адам Кочкор райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборуна жеткирилген. Алардын экөө жандандыруу бөлүмүнө, экөө хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми каза болгон 3 адамдын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилген.

Кийинчерээк 3 адамдын өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы маалымалган.

Алдын ала маалымат боюнча, 2024-жылдын 13-июль күнү саат 14:30 чамасында Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ушул эле күнү саат 14:15 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунан Долон ашуусу жакта №511 каттамдагы кичи автобус жол жээкке чыгып, ала салып кеткени билдирилген.

13-июль күнү 2024-жылы саат 10:00 чамасында жоопкерчилиги чектелген коому менен келишимдин негизинде жүргүнчү ташып иштеген №511 Бишкек—Баетов каттамындагы «Мерседес Бенц Спринтер 316» автоунаасын Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынын тургуну — 1994-жылы туулган Ж.уулу К. Бишкек шаарынан башкарып чыккан. Ак-Талаа районунун Баетов айылына келе жатып, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 281-чакырымынан белгисиз себептерден рулга ээ боло албай, жолдун оң тарабына чыгып, автоунаа ала салып кетип, кырсыкка учураган.

Анын кесепетинен автоунаада жүргүнчү катары келе жаткан 3 адам окуя болгон жерден көз жумган. Ошондой эле жаракат алган адамдар дагы бар.

Аталган факт Кочкор РИИБге катталып, тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️