Пример HTML-страницы

Айтматов районунда 500 гектардан ашык жерге кант кызылчасы эгилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Айтматов районунда жылдагыга караганда кант кызылчасы көп тигилди. Бул тууралуу жергиликтүү дыйкандар билдиришти.

Жергиликтүү дыйкан Чаткалбай Култаев аксакал учурда кант кызылчасын сугарып жатышканын белгиледи.

«Кант кызылчасы аба ырайы 17-18 градус температурада тигилип, 6-8 күндө өсүп чыгат. Өзүнүн жоон бөлүгүнө кант чогултат. Ошон үчүн канчалык жоон болсо, ошончо канттуу деп түшүнөбүз. Быйыл дагы түшүм абдан жакшы. Азыр суугат учуру болуп жатат. Кант кызылчасына башка чөп жолотпой, улам тазалап, чөптөн арылтып, түшүм алганча кам көрөбүз. Абдан түйшүктүү иш деп айтылат. Бирок биз оокатыбыз ушул болгон соң, жакшы кам көрүп, жакшы түшүм алганга умтулабыз. Алган түшүмүбүздү 1 тоннасын 5400 сомго өткөрөбүз же болбосо 78 кг кумшекер алабыз. 1 гектар жерден жакшы караса 100 тоннага чейин түшүм алууга мүмкүн», — деди ал.

  • Айтматов райондук администрациясынан билдиришкендей, райондо быйыл 536 гектар жерге кант кызылчасы тигилген. Ал эми 2023-жылы 475 гектар жерге тигилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE