Пример HTML-страницы

Айтматов районунда өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ачылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 14-июнда Талас облусуна караштуу Айтматов районунун Аманбаев айылында өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн эки кабаттуу имаратынын ачылышы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарада имараттын курулушуна салым кошкондорго райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Куткаруу бөлүгүнүн эки кабаттуу имаратыны курулушу 2022-жылы 10 млн 789 миң 978 сомго башталган.

Аталган куткаруу бөлүгү Айтматов районундагы Аманбаев, Кара-Сай, Ак-Башат, Ак-Жар, Шекер, Көк-Сай, Кайнар, Арчагул, Суулу-Маймак, Куру-Маймак, Маймак жана Жоон-Дөбө айылдарына кызмат көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE