Пример HTML-страницы

Айсулу Осукеева — Чүй облусу боюнча кыздар арасында «алтын сертификат» алган жалгыз бүтүрүүчү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусу боюнча ЖРТдан көп упай топтоп, «алтын сертификатка» татыктуу болгон 7 окуучунун алтоосу эркек балдар. Ал эми бүтүрүүчү кыздар арасында «алтын сертификатты» жалгыз Айсулу Осукеева алды. Ал Новопавловка мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү, ЖРТда 226 упай алды.

«Биз үй-бүлөбүз менен Новопавловка айылында жашайбыз. Менин ата-энем соода-сатык тармагында эмгектенишет. Эжем тиш дарыгери болуп эмгектенет. Менден кийин бир иним бар. Мен ЖРТга дээрлик бир жыл бою даярдандым. Анан албетте, чоң упай алууну күтүп тургам. Эми буюрса эл аралык университеттердин бирине тапшырууну көздөп жатам. Программалык камсыздоо факультетине тапшырайын деп жатам. Мектепте так илимдерге жакын болчумун, өзгөчө математиканы жакшы көрчүмүн», — деди ал.

2023-2024-окуу жылга карата Чүй облусу боюнча 220 миңден ашуун окуучу болгон. Анын 9830 окуучусу 11-классты, 20 609 окуучусу 9-классты аяктады.

————-

2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту.

Эң жогорку упай 234 болду — аны 3 бүтүрүүчү алды.

«Алтын сертификаттын» аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок.

Кыргызстанда «алтын сертификат» ээлери дайыма президент тарабынан сертификат, стипендия жана белек менен сыйланып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE