Turmush — Ош шаарындагы бардык бала бакчалардын көзөмөл камерасын орнотуу пландалып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Темирбек Турдуев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы 66 бала бакча бар. Алардын ашкана жана кире бериш жерлерине жалпы 251 камера орнотулган.
«Административдик-аймактык реформадан кийин Ош шаарына 17 бала бакча, 16 мектеп, жалпы 33 мекеме өткөн. Бала бакчаларга камера коюлган эмес экен. Кийинки жылдын январь айынан баштап бардык бакчалардын коридоруна, кампаларга, бакчанын кире бериш жерине жана сыртына чейин камера коюлат. Бул боюнча тапшырма берилген, январь, февраль айларында ишке ашырылат. Азыр 251 камера бар. Айрымдары иштебей калыптыр, аларга атайын анализ жасаттык. Болжол менен 600 миң сомдой каражат жумшалат. Иштебей калган, бузулган камералар толугу менен оңдолот. Январь айында тендер жарыяласак, бир айдын ичинде орнотулуп бүтөт. Бул иштердин баары жергиликтүү бийликтин бюджетинен каржыланат, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди Турдуев.
—————————————————————
Административдик-аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак жана Төлөйкөн айыл аймактары, Папан айыл аймагынын Ак-Буура 1, 2, 3, 4 тилкелери, Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим, Жийделик, Шарк айыл аймагынын Имам-Ата участогу Ош шаарынын курамына кошулган.
Эми Ош шаарында 9 муниципалдык аймактык башкармалык бар:
— №1 Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгы;
— №2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы;
— №2 муниципальное территориальное управление Сулайман-Тоо;
— №3 Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгы;
— №4 Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгы;
— Жибек жолу муниципалдык аймактык башкармалыгы;
— Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгы;
— Жапалак муниципалдык аймактык башкармалыгы;
— Кызыл-Кыштак муниципалдык аймактык башкармалыгы;
— Төлөйкөн муниципалдык аймактык башкармалыгы.
Административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарына Кара-Суу районунун жалпы 14 миң 26 гектар аймагы кошулуп, калктын саны 451,900 болору айтылган.
Ош шаарынын азыркы аймагы 18 миң 300 гектарды түзсө, калктын саны 361 миң адамды түзөт. Аймактык реформадан кийин 90 миң 900 адам кошулуп, 451 900 адамды түзүп калат.
Бул токтом долбоору толугу менен добушка коюлуп, депутаттар тарабынан колдоо тапкан.
Ош шаардык кеңешинин депутаттары Кара-Суу районунун аймагынан 14 миң гектар жерди алууга макулдук берди. Ошондой эле Ош шаары Кара-Суу районуна 222-223-224-кварталдарды өткөрүп берет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.