Айланма жол менен бара жаткан айдоочулар абадан көзөмөлгө алынат (видео)

TurmushБишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунда унаа кыймылын абадан көзөмөлдөө ишке киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, дрон жол эрежесин бузууларды, анын ичинде ылдамдыктан ашкандарды жана каршы тилкеге чыгууну каттоо үчүн колдонулат.

Дрон менен катталган эреже бузуулардын фото жана видеолору төмөнкү постторго жөнөтүлүп, жол тескөөчүлөр эреже бузгандарга айып пул салат.

Азырынча программа тесттик режимде иштеп жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️