Пример HTML-страницы

Айгүл Перханова ар кандай чөптөрдөн самындарды жасап, ишкерлик баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Охна айылынын 46 жаштагы тургуну Айгүл Перханова өз колу менен самындарды жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, буга чейин өзү аллергиядан жарбыкап, экологиялык таза азыктарды колдоно баштаган. Алгач дарылык касиетке ээ чайларды жасап, кийин самын чыгара баштаган. Самындар ар кандай чөптөрдөн жасалат.

«Мен көп жылдан бери чет өлкөдө жүрөм. Аллергия боло бергендиктен дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрчүмүн. Анан алар мага экологиялык таза тамактарды, колдонмолорду колдонууну сунуштап келишкен. Алгач дары чөптөрдөн чай кылып ичтим. Самын, айналарды такыр колдоно албайм.

Самындан жасалган какым, алоэ, ромашка, беде, чалкан, жалбыз жана башка чөптөр апрель, май айларында чыгып калат. Ошолордон жасап, неберелеримди жуунтуп, өзүм колдонуп көрүп эми элге да жайылтып жатам. Азырынча тааныштар, кошуналар алып жатат. Ал таза гана кылбастан, ар кандай ооруларга, денеге пайдалуу. Денени агартып, терини жумшартып, ар кандай бүдүр, жаралардан коргойт. Ар бир чөптөн жасалган самындын өзүнүн артыкчылыгы бар. Колдонуп көргөндөр кайра алып жатышат. Азыр кантип жасаларын башкаларга да үйрөтүп жатам.

Дерматолог дарыгерлердин окутканы боюнча таза кийимдерди, чайларды кантип пайдаланыш керектигин билдим. Азыр эми ошол окуумдун натыйжасы менен самын чыгарып жатам. Азырынча неберелер менен болгондуктан бош убакытта түндө жасайм. Алдыда кардарларга жараша көбөйтүүнү көздөп жатам», — деди ал.

Самындардын коробкага салынгандары 200 сом болсо, жөнөкөйлөрү 150 сомдон сатылып жатат. Анткени алардын формалары ар кандай болуп, салмагына жараша бааланат.

Айгүл Перханова 5 баланын, 6 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE