Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Арчалы айылынын тургуну Айбек Букараев 19 жылдан бери егер болуп эмгектенип келет. Жаратылыштын коргоочусу Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде Ысык-Көлдү байырлаган бардык жаныбарларды, канаттуу куштарды күндө кезиктире турганын айтып берди.
Букараев Айбек Шарыпович 1978-жылы 29-майда Тон районунун Арчалуу айылында туулган. Бөкөнбаев айылында М.Горький орто мектебин аяктаган. Андан кийин Бишкек шаарынан экология адистиги боюнча билим алган.
«Арчалы айылы абдан кооз. Өзгөчө август айынында кооздугун айтып бүткүс. Тоолорубузда жан-жаныбардын бардык түрү бар. Союз кезинде айылыбызда сырттагы чабандар үчүн кышкыга даярдык көрүлгөн, тоют даярдалган борбор болгон. Айыл 2800 метр бийиктикте жайгашып, 59 түтүн жашайт. Мына ушундай жаратылыш койнунда чоңойгондуктан кесибимди да жаратылыш менен байланыштырып тандадым. Ошол кооздук ошол боюнча келечек муунга калса экен деп тилек кылдым. Борбордон билим алып келгенден кийин 2005-жылы егер болуп Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана био түрдүүлүктү сактоо бөлүмүнүн егери болуп кирдим. Ошондон тарта бул тармакта иштеп келем», — дейт ал.
Каарманыбыздын жумушу тоо койнунда өткөндүктөн Ысык-Көл жергесин байырлаган бардык жаныбарларды кезиктирген. Алардын арасында эсинде калганы, алгачкы жолу Ала-Тоонун падышасы — ак илбирсти кезиктирген күн.
«Биздин жумуш жаратылышты коргоо болгондуктан дайыма тоо-таш аралап, кыдырып турабыз. Ошондой күндөрдүн биринде чогуу кыдырып жүргөн бала «ылдый жакта бизди эки киши карап жатат» деп калды. Мыйзамсыз аңычылык кылгандар эмеспи деген ой келди. Дүрбү салып, акырын карап отурсам, эки баш көрүндү. Баштарды көргөндө берки балага «булар киши эмес, башка жаныбар» дедим. Алар эки илбирс экен. Жоон топ текелерди аңдып келе жатыптыр. Эмнегедир текелер аларды эч байкабады. Ошондо биринчи жолу алар кийиктерге кол салганын көрдүк. Өтө шамдагай келишет экен. Чычканды кармаган мышыктай эле секирип кармап алышты. Андан кийин бири-бири менен ойноп, мышыктай секирип кетип калышты. Кийинчерээк илбирстерди бат-баттан кезиктирип турабыз. Биздин фото капкандарга да сүрөттөрү түшүп калат», — дейт ал.
Айбек Букараевдин айтымында, тоо конуна көрк берген аркар, кулжа, текелерди да кездештирет.
«Окууну бүтүп, кайра айылга келген жылдары, 2005-жылдары элик абдан азайып кеткен. Анан айыл эли кеңешип, эликтерди коргоону чечтик. Аларды мыйзамсыз аткандарды тыйып, эликтерди сактап, көбөйүшүнө бирге кам көрдүк. Беш жылдан кийин санак кылганда 150 башка чейин көбөйүштү. Мен атайын сунуш берип, Тоң районунун эликтерин санакка кошолу деп, ошол жылдан тарта санакка кошуп калдык. Учурда жакын эле жерлерде эликтер жүрөт. Бизге дайыма жаратылыш менен иштеген адистер келип, аларды сүрөткө тартып, элден маек алып кетишет. Негизи эмгекти эл баалаганы кубантат», — дейт каарманыбыз.
Жаратылыш коргоочусу эликтин балдарынан чоңуна чейин сүлөсүн кырып саларын айтат.
«Эликтин баласынын жыты болбойт. Андыктан көп жырткычтар таба албайт. Бирок сүлөсүн таап, жеп салат. Ошондой эле эчки-текенин башкы душманы бул — карышкыр.
Жапайы жырткычтардан малчылар көп эле жапа чегип келет. Мисалы, айылда күндө бир-экиден бодо жеп кеткен учурлар болот. Анан жылда айыл өкмөт, жайыт комитеттери, жергиликтүү эл менен бирге аларды жок кылуу иштери жүрөт. Мисалы, азыр карышкыр көбөйүү үчүн үйрүлүшүп жаткан кези. Биздин айыл жакта байкоолор боюнча 14кө жакын карышкыр эки топ болуп жүрүшөт.
Бир жолу карышкыр, чөөнү жок кылуу тобу келе жатсак, алдымам 400 метр алыстыкта карышкыр чыкты. Атканда өпкөсүнө тийгенин билдим. Карышкыр кулап, жерге бир аз жатты дагы анан шак туруп, суу жээкке качып жөнөдү. Анан сууга аз калган жерде эс алып калды. Азыр эми так атпасак, сууга секирип кетерин билдик. Мээлеп, таамай атып калдык», — деди ал.
Ал белгилегендей, жаратылышка чоң зыян келтиргендер мыйзамсыз аңчылык кылган браконьерлер болуп эсептелинет.
«Браконьерлер менен байма-бай күрөшүп келебиз. Алар менен күрөшүү да кооптуу. Бир жолу мага бөлүнгөн аймакты кароого унаа менен бара жатсам, алдыман чоң унаа чыгып, сүзө качырып жөнөдү. Мыйзамсыз бир нерсе атышкан го деп ойлодум, алар узак жол менен кетишти. Мен кыскартып, башка жол менен келдим. Бирок алар көрүнбөйт. Эмне болушту деп, кайра алардын жолуна барсам, унаа оодарылып калган экен. Биринчи жардам көрсөтүп, милицияга, дарыгерлерге алып бардым. Аман алып калганыма ыракмат айтып, 2 баш теке атканын айтышты. Кудай эле сактады. Унаа оодарылганда анча катуу жаракат алышпаптыр. Актылар түзүлдү. Кечирим сурап, рахмат айтып жатышты. Кийин тергөө башталганда адам баласы ар түрдүү болот тура, кайра мени күнөөлөп башташты. Бирок окуядагы актылар, фото, видеолор далил болду. Ошондуктан биздин жумушка да видео байкоолор керек. Ар түрдүү адамдарга кезигесиң», — дейт ал.
Каарманыбыз жаратылышты бирге сактоого чакырат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.