Ахунжан Досматов Сүлүктүдө 1000ге жакын тоок багып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСүлүктү шаарынын 56 жаштагы тургуну Ахунжан Досматов тоок чарбасын өнүктүрүүгө аттанган алгачкы жергиликтүү ишкерлердин бири. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 5 жыл мурда тоок бизнесин баштаган. Азыр фермасында бүгүнкү күндө 1000ге жакын тоок бар.

«Мен бала кезде ата-энем короодо тоок кармачу. Тоок багуунун ысык-суугун ошол жактан билем. Жеке менчик көмүр өндүрүүчү ишканалардын саны өсүп, бизге окшогон жүк ташуучуларжумушсуз калдык. Анан акча табуунун ар кандай жолдорун ойлонуп, карап көрүп отуруп, акырында тоок багып, жумуртка сатууга токтолдук. Багууда бир аз өзгөчөлүктөр бар экен. Ал үчүн иш баштар алдында атайын Ош шаарына барып, 15 күндүк курстан өтүп келдим», — деди ал.

Иштин көзүн тапкан ишкер фермасын үй-бүлөсү менен биргеликте иштетет. Жубайы, балдары, келини менен бирге эртеден кечке эмгектенишет. Күн бою жемин беришет, астын тазалашат, абасын алмаштырып, атайын адистердин кароосунан өткөрүп, кам көрүшөт. Жумурткалар негизинен Сүлүктү шаарындагы дүкөндөргө жеткирилет. Ал эми кошуналар, айылдаштар, ошол эле дүң баада жеринен алып турат.

«Күнүнө 1000 тооктун 60-70% тууп, 20-25 лоток жумуртка берет. Өндүрүлгөн азыктын саны кырдаалга жараша өзгөрүп, айына орточо эсеп менен 50 миңдей таза киреше алып келет. Кудайга шүгүр, күнүмдүк тиричиликке жетип турат. Жумурткалар сертификатталган, атайын адистердин текшерүүсүндөн өткөн», — деди фермер.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️