Пример HTML-страницы

Агартуучу С.Нааматов дайынсыз жоголгон күн же жаздыктын бетине жазылган акыркы сөз

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСатыбалды Нааматовдун аты-жөнүн учурда Нарын мамлекеттик университети алып жүрөт. Кезинде эл душманы деп айыпталып, атууга кеткен агартуучунун сөөгү кайда көмүлгөнү бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжамал Эсеналиева кыргыз тилин окутуунун методикасы илимине негиз салуучу Сатыбалды Нааматов тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Сатыбалды Нааматов 1905-жылы азыркы Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч деген айылда туулган. Атасы жалпы өрөөнгө таанылган бий болгон. Ал Уултай деген кызга үйлөнөт. Көп чейин балдары токтобойт. Ошондо кыргыздын салты боюнча уулун бирөөгө берип, кайра «сатып алып», ысымын ырым кылып Сатыбалды коёт.

Сатыбалды чоң атасынын, атасынын, чогуу жашаган Ыбрайым молдокенин Абдырахмановдун таасиринен жана өзүнүн кызыгуусунан окууга кызыгып, айылдык молдодон сабатын жоюп, арабча окуп калат. Андан кийин Ат-Башыдагы орус-тузем мектебинен билим алат. Ал жерде арабча менен бирге орусча да үйрөнөт. Андан ары окуунун зарылдыгын түшүнгөн Ыбрайым Абдрахманов аны атына учкаштырып, Алматага алып жөнөйт. Ал жерден окууга кабыл алынып, 1926-1927-жылдары Казак-кыргыз эл агартуу институтунда окуйт. Бул окуу жайда тилдик маданияты калыптанат, орусча, татарча, казакча үйрөнөт баштайт. Окууну гана эмес, жазууну да, аларды басмалардан чыгарууну да үйрөнөт.

1929-жылдан тартып 1931-жылга чейин чоң кишилер үчүн «Сабатсыздык жоюлсун» деген алиппеси жыл сайын чыгып турган. Балдар үчүн «Кичинекей колхозчу» деген алиппеси 1932-жылы басылган. Мектеп окуучуларына арналган, эки бөлүктөн турган «Окуу китеби» 3 жолу, «Сабаттуу колхозчу» китеби 1933-1935-жылдары толуктоолор менен 7 жолу басылган. Аялдар үчүн «Тунгуч» деп аталган окуу китебин жазган. Бул китептер азыркы күнгө чейин маанисин жоготкон жок. Мисалы, аялдар үчүн жазган «Тунгуч» аттуу китебинде баланы багуу, баланын ден соолугун кароо, үй-жай күтүү, социалисттик коомдогу аялдардын укуктары жана башка оокат-тиричиликке, коомдук-саясий турмушка байланыштуу тексттер берилген. Бир жагынан ошол тексттер аркылуу кыз-келиндердин сабатын ачуу милдетин аткарса, экинчи жагынан аларды жаңы турмушка жана үй-бүлөгө даярдаган.

Мамлекеттик архивден алынган маалымат боюнча, Сатыбалды Нааматовдун айлык акысы 340 рубль болгон. Ошол учурда бир баш төө 30 рублга бааланган. Тактап айтканда, бир айда 11 баш төөнүн акчасын таап келген.

Кызы Үмүт Нааматованын эскерүүсүндө атасы галстук тагынып, күрөң костюм-шым кийген интеллигент болгон. «1937-жылы сентябрь айында үйгө келсек, атамдын китептерин мүшөккө салып, жыйнап жатышыптыр. Ички иштер эл комиссариатынын аскерлери баарыбызды жамгыр жаап турганда үйдөн чыгарып, атамды алып кетишти. Ошол учурда кошуналардын эч кимиси бизди үйүнө чакырган жок. Анткени алар дагы өз жанынан корксо керек. Атам ар дайым апама айтып, «көз акысы» бар деп, кошуналарга да тамак-аштан бердирип турчу. Төкөлдөшкө келип, 16 киши орус кемпирдин үйүндө, батирде жашап турдук», — деген ал.

Кийин мамлекет «эл душмандын үй-бүлөсү» деп, Сатыбалды Нааматовдун жубайы Салима Алексееваны, кызы Үмүттү кетирмек болот. Ошол учурда Салима Алексееваны кесиптештери акушер-дарыгерге муктажбыз деп кат жолдоп, алып калышат.

1937-жылы декабрда Сатыбалды аялына жаздык жана пияз алып келүүнү өтүнүп кат жөнөткөн. Анткени түрмөдө адам көп болуп, жатып эс алууга мүмкүндүк жок экенин, түрмөнүн муздак сызынан пияз гана жардам берерин түшүндүргөн. Ошол эле жылы 26-декабрда жаздыктын сыртына «алдым» деп кол тамгасын коюп берген боюнча байланыш болгон эмес. 10-февралда атууга өкүм чыгарылган. Атылган жери (Фрунзе шаары деп айтылат) жана сөөгү кайда коюлганы белгисиз. 1956-жылдын 26-февралында толук акталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE