Агаларына таарынып, жайлоодо көз жумган адамдын ашы өткөн жер — Мурдаш айылы тууралуу уламыш

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылынын аталышы тууралуу түрдүү уламыштар айтылып келет. Жергиликтүү тургундар айыл тууралуу аймактык кабарчыга айтып беришти.

Жергиликтүү жашоочу Эгемжар Азизилла уулу: «Биздин айылдын аталышы тууралуу төрт түрдүү уламыш айтылып жүрөт. Биринчиси, айылда жаркырап турган нурдуу таш болгон экен. Нурдуу таш бар айыл деп жүрүп, Мурдаш аталып калган деп айтып калышат. Ал эми экинчи вариантта мындай айтылат. Биздин айыл Улуу Жибек жолунун боюнан орун алган. Илгери ушул Мурдаш айылын башкарган бий чоң казандарга аш демдеп, жолоочуларга, айылга келгендерге берчү экен. Чоң казандарды мурун «даш казан» деп атап келишкен. Ошондон улам мурун «даш казан» асылган жер деп жүрүп Мурдаш аталып калган экен.

Үчүнчү уламышта мындай айтылат. Түштүк аймактагы элге чоң аш берилген экен. Ошол себептен мурда аш өткөн жер деп Мурдаш аталыптыр. Төртүнчү уламыш да бар. Айылга кире берген жерде кичинекей дөңсөө жайгашкан. Өрдөп чыгып кетет. Ошол айылга ким биринчи баарыбыздан мурун барса, ошол адам айылда жашайт деп ошондон улам Мурдаш болгон дешет», — деди.

Аталган айылда төрөлүп өскөн жашоочулар өз айылынын аталышы тууралуу айтып беришти.

«Мурдаш деген сөз кайдан чыккан, ал эмнени түшүндүрөт, кантип Мурдаш деп аталып калган деген суроолор эл арасында көп эле жолу айтылып жүрөт. Кенжекул деген адам өз мезгилинде агаларына таарынып, бөлүнүп, азыркы Кенжекул айылында жашап калат. Ал убакта Кенжекул айылы Алим-Дөбө деп аталчу. Жаз алды менен Мурдашка жайлоолоп кетип, ошол жерде оорудан кийин каза болот. Мөнөк аттуу агасы азыркы Кенжекул айылына сөөгүн жүктөп келип, жерге берет.

Ошондон кийин бир жылдан кийин азыркы Мурдаш жерине келип, аш бериптир. Ошол ашта көптөгөн эл чакырылып, алар жердин кооздугуна, суусунун тазалыгына суктанышкан. Бирок жердин атын аташа албай «Аш болгон жер» деп атап коюшат. Андан кийин ары-бери өткөн кербендер, соодагерлер жана туугандарына келген адамдардан «кайда бардың, кайдан келе жатасың?» деп сурашса, «мурда аш болгон жерден» деп жооп берип калышат. Убакыт өтүп, «болгон жер» деген сөз айтылбай ,»мурда аш» деген сөз айтылып калган. Ошону менен айылдын аты Мурдаш деп аталып калган экен», — дешти алар.

Пример HTML-страницы

Мурдаш айылы райондун борбору Гүлчө айылынын чыгыш тарабын көздөй 22 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Айылдын баш-аягы 9 чакырымды түзөт.

Алча-Булак, Ак-Тал, Жыланды булактарынан түшкүн суу кошулуп, айылдын ортосунан өткөн Мурдаш дарыясын түзөт. Айылдын күн батыш тарабы бадалдуу келип, алча, жаңгак, алма, ак тал дарактары өсөт.

Мурдаш айылында жайлоолордун башына чейин ар бир жылгадан оргуштаган таза булактар чыгат. Айыл кышкысын суук, жайкысын мээлүүн, жаан-чачындуу. Учурда айылда 617 түтүн, 2114 адам (1088 эркек, 1026 аял киши) жашайт.

Айылда А. Жээнбеков атындагы орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит, Ырыскан атындагы мунара, кафе жана дүкөндөр бар. Жергиликтүү тургундар негизинен картошка, сабиз, алма, өрүк, жаңгак жана башка жер-жемиштерди өстүрүп, кой, эчки, уй, топоз, жылкы багышат. Тоолорунда карышкыр, түлкү, илбирс, кундуз, суусар, кашкулак, суур жана жапайы теке, элик, доңуз кездешет. Канаттуулардан улар, кекилик, чил, бактек бар.

Айылга Ак-Боор, Кызыл- Булак, Шиш-Дөбө, Ак-Талаа, Кызыл, Тегирмен бою, Тоголок- Дөбө, Түлөбай тилкелери карайт. Жайлоолору: Көк-Дөбө, Манак, Агатан, Жыланды, Кош-Мойнок, Үч-Чат, Аска, Асан-Коргон, Кыз-Коргон, Шаркыратма.

«Жаз алды менен айылдын жашоочулары жогоруда аталган жайлоолорго жайлап, малын багышат. Андан сырткары дыйканчылык менен алектенет. Мурдаштын түштүк тарабындагы Жол-Чырак жайлоосунда союз мезгилинде изилденип, бир миллион тоннадан ашык кору бар көмүр кени мамлекеттик баланска алынып, бирок жолдун татаалдыгына байланыштуу казылбай калган. Бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундардын демилгеси менен жайлоого жол салынып, көмүр кени ачылып, жергиликтүү калктын бир бөлүгү иш менен камсыз болду. Айылдар, жайлоолор негизинен айлана-чөйрөгө жана уламыштарга карап ылайыкталып аталып калган. Агатан, Манак сыяктуу жайлоолордун аттары мурунку замандарда болуп өткөн окуяларга дал келет», — деди жашоочулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️