Ага 1 миллион сомдон ашык айып пул салынат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТоктогул районундагы Кара-Суу көлүнөн мыйзамсыз балык уулап жүргөн адам кармалып, 1 миллион сомдон ашуун доо коюлмак болду. Бул маалыматты «Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчисинин орун басары Улан Мамбетов ырастады.

Маалыматка караганда, июнь айынын башында жаратылыш паркынын жетекчилиги милиция кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөргөн. Анын жүрүшүндө желим кайык менен балык кармап жүргөн А.К. аттуу адамдын жанынан 525 даана момун балык (пелядь) табылган.

«Тиешелүү протокол түзүлүп, үйлөнмө кайык, балыктар милицияга өткөрүлүп берилди. 525 даана балык менен кармалган А.К.га болжол менен 1 млн сомдон ашык доо коюлуп, мындан сырткары административдик айып салынары күтүлүп жатат. Негизи бир балыкка 1010 сом айып салынат. Бул балыктар корукта кармалганы үчүн айып 2 эсеге көбөйүп, бир балыкка 2020 сомдон айып салынды. Азыр тергөө жүруп жатат», — деди ал.

  • Кара-Суу көлү өзгөчө корголуучу аймактын катарына кирет. «Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында аңчылык кылуунун (балык салууга дагы) бардык түрүнө тыюу салынган. Бул жаратылыш паркы өкмөттүн 2016-жылы 27-январдагы токтому менен түзүлгөн. Жалпы аянты 56 миң гектардан ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️