Пример HTML-страницы

Африкада безгектен мүнөт сайын бирден бала өмүр менен кош айтышат. Кыргызстанда бул оорудан кантип сактануу керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushБезгек менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын эң приоритеттүү маселелеринин бири бойдон калууда. Соңку бир канча жыл ичинде безгектин эпидемиологиялык очоктору өлкөнүн көптөгөн аймактарында катталган. 2002-жылы (2744 бейтап) үч күндүк безгек эпидемиясы өлкөнүн түштүгүндө өтө олуттуу көйгөйлөрдөн болду. 2004-жылы Ош облусунун Араван районунда тропикалык безгек оорусуна чалдыккан бейтап катталган. 2005-2006-жылдары Чүй облусунда жана Бишкек шаарынын чет жакаларында безгектин жергиликтүү таралуусу катталып, эпидемиологиялык абал өтө начарлап кеткен.

Кыргызстанда безгек оорусу боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшы болгондугуна карабастан, алдын алуу чараларын күчөтүү зарылчылыгы келип чыгууда. Себеби саламаттыкты сактоо тармагынын бирден бир актуалдуу көйгөйү болуп —калктын интенсивдүү миграциясы саналат. Миграция учурунда (туристтердин келиши, Пакистан, Индия өлкөлөрүнө даабатка баруу, иш боюнча командировкалар жана эмгек мигранттар) безгек оорусун тыштан жугузуп келүү коркунучу жаралууда. Ат-Башы районунун эпидемиолог-дарыгеринин жардамчысы Эркингүл Сыдыкова безгек оорусунун келип чыгуу себеби жана аны алдын алуу боюнча маалымат берди.

Безгек деген эмне?

Безгек — бул мителер пайда кылуучу жугуштуу оору. Анын белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, тердөө, баш оору, дененин оорушу, жүрөктүн айланышы, кусуу кирет. Бул белгилер козгогуч митенин түрүнө жана кишинин ооруну качан жугузганына жараша, кээде эки-үч күн (48-72 саат) сайын кайталанышы мүмкүн.

Кантип жугат?

— Безгекти плазмодия митеси пайда кылат. Ал кишинин организмине анофелес деп аталган чиркейдин ургаачысы чакканда кирет;

— Мителер кан агымы менен боорго барып, көбөйө баштайт;

— Боор клеткалары жарылганда мителер канга өтүп, эритроциттерге кирет жана ал жактан да көбөйөт;

— Эритроциттер жарылганда мителер башка эритроциттерге кирет;

— Бул процесс уланып, кайталана берет. Безгектин белгилери адатта эритроциттер жарылган сайын байкалат.

Сактануунун жолу

Безгек кеңири жайылган жерде жашасаңар:

— Чиркейлерден коргогон тор алачыктын ичине уктагыла;

— Торго чиркейге каршы заттарды чачып койгула;

— Тордун айрылган же жыртык жерлери болбошу керек;

— Тордун этек жагын төшөктүн астына кымтып койгула;

— Үй ичине чиркейге каршы заттарды чачып тургула;

— Мүмкүн болсо эшик-терезеге тор тагып койгула жана бөлмөгө чиркейлерди кондурбаш үчүн кондиционер, желдеткич колдонгула;

— Денени толугу менен жапкан, ачык түстөгү кийим кийгиле;

— Бадалдар жыш өскөн жерде адатта чиркейлер көп болот. Ошондой эле алар туруп калган суу бар жерде көбөйүшөт. Андыктан андай жерге барбаганга аракет кылгыла;

— Эгер безгек жуктуруп алсаңар, дароо дарылангыла.

Адамдын организмине безгекти козгогон мите аны алып жүргөн чиркей аркылуу кирет. Же тескерисинче, оорулуу кишиден соо чиркейге жугат. Анан ошондой чиркей аркылуу башка кишилерге тарайт.

Безгек кеңири жайылган жерге барганы жатсаңар:

— Тийиштүү маалымат чогулткула. Безгекти козгогон мите ар кайсы аймакта ар кандай болушу мүмкүн. Ошондуктан ага каршы ар жерде ар башка дарылар колдонулат. Ошондой эле ден соолугуңарга байланыштуу керектүү нерселерди билип алыш үчүн көрүнүп жүргөн доктуруңар менен сүйлөшүп алганыңар оң;

— Ал жакка барганда безгек кеңири жайылган жерде жашагандар үчүн жазылган жогорудагы кеңештерди колдонгула;

— Эгер безгек жуктуруп алсаңар, дароо дарылана баштагыла. Безгектин белгилери аны жуктургандан кийин 1 жумадан 4 жумага чейинки убакыт аралыгында байкалат.

Дагы эмне кылса болот?

— Мамлекеттик же коомдук саламаттыкты сактоо программаларынан пайдалангыла;

— Дарыларды уруксат кагазы бар жерлерден гана алгыла (сапатсыз же жасалма дарылар ооруну күчөтүшү же өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн);

— Үйдүн айланасында чиркейлердин көбөйүшүнө шарт түзгөн көрүнүштөрдүн болбошуна чара көргүлө.

— Безгек кеңири жайылган жерде жашасаңар, анын төмөнкү белгилерине көз жумуп койбогула:

• Эт ысуу

• Тердөө

• Чыйрыгып, калтырап-титирөө

• Баш оору

• Булчуңдардын оорушу

• Алсыроо

• Жүрөк айлануу

• Кусуу

• Ич өтүү

Безгекти дарылабай коюу аз кандуулукка алып келет жана өмүргө коркунуч туудурат. Күчөп кете элегинде, өзгөчө балдар жана кош бойлуулар дароо дарыланышы керек.

Безгек тууралуу дагы эмне белгилүү?

— Безгек оорусун жуктуруп алгандардын арасынан көбүнчө балдар жана боюнда бар аялдар катуу оорушат.

— Африкада безгектен мүнөтүнө бирден бала чарчайт же каза болот.

— Кээде безгек кан куюудан да жугат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) билдирүүсү бонча, 2020-жылы дүйнө жүзүндө безгек оорусунун 245 миллион учуру катталса, 2021-жылы 247 миллион учур катталып, оору 1,01 эсеге өсүш берген. Катталган оорулардын басымдуу учурлары Африка өлкөлөрүнө туура келет. 247 миллион учурдун 619 миң учуру өлүмгө алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE