Африка өлкөлөрүндө маймыл чечек оорусу күч алууда. Андан кантип коргонсо болот?

Акыркы жанылыктар

TurmushДүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Африкада маймыл чечек оорусунун чыгышын эл аралык өзгөчө кырдаал деп жарыялады.

Ысык-Көл облусунун аймагында маймыл чечегинин пайда болушунун жана жайылышынын алдын алуу максатында, маймыл чечекти аныктоо боюнча ыкчам иш-чара планы иштелип, саламаттык сактоо координаторунун профилактикалык иш-чараларды күчөтүү боюнча буйругу чыкты.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин арасында маймыл чечекти дифференциалдык диагностикалоо маселелери боюнча окутуу семинарлары өткөрүлдү. Облустун аймагында маймыл чечекти аныктоо боюнча инфекциялык бөлүмдөр даярдалды.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 15-августунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Африкада маймыл чечегинин чыгышын эл аралык өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Маймыл чечек вирусунун жайылышы Конго Демократиялык Республикасында болуп, Африка өлкөлөрүндө тездик менен жайылууда. ДССУнун маалыматы боюнча, жыл башынан бери жалпысынан 18 миңден ашуун адам катталган. Африканын 15 өлкөсүндө оору жуккан учурлар катталып, 615 адам каза болгон.

Пример HTML-страницы

Конго Демократиялык Республикасы менен чектешкен өлкөлөрдө 220дан ашык адамда жаңы вирус, анын ичинде коңшу Пакистанда катталган. Маймыл чечеги бул вирустук зооноз (жаныбарлардан адамга жуккан вирус) симптомдору мурун чечек менен ооругандарга абдан окшош, бирок клиникалык жактан анча оор эмес.

Негизги белгилери:

— жогорку дене температурасы;

— бет жана дененин ысышы;

— баш оору;

— көздүн сезгениши;

— дем алуунун начарлашы;

— белдин жана булчуңдардын оорушу;

— лимфа бездеринин чоңоюшу;

— жыныс органдарынын сезгениши.

Аталган белгилер болсо же эпидемиологиялык жактан начар өлкөлөрдөн келген болсоңуз негизги белгилерин билүү үчүн дароо медициналык текшерүүдөн өтүңүз.

Вирус бир адамдан экинчисине жаралар, биологиялык суюктуктар, шейшеп сыяктуу булганган кездемелер менен тыгыз байланышта болсо жугат. Чечек менен ооруган адам менен байланышкандан баштап, алгачкы белгилери 6-13 күндө билинет. Бирок 5-21 күнгө чейин өзгөрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️