Пример HTML-страницы

Адина Иманкулова менен Беделбек Тынышбаев 38 жыл мурун ыр кеседен таанышкан

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Адина Иманкулова менен Беделбек Тынышбаев. Алар 38 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатышат. А.Иманкулова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жолдошу менен кантип таанышып калганын айтып берди.

Иманкулова Адина Урустенбековна 1965-жылы 8-январда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кожомкул (мурунку 8-март айылы) айылында жарык дүйнөгө келген. Ал эми жолдошу Беделбек Тынышбаев 1958-жылы 22-мартта Жайыл районунун Кызыл-Ой айылында төрөлгөн.

«1985-жылы Кожомкул айылында ыр кесеге даярдык жүрүп жаткан. Ал жерге мен дагы барып, жолдошум менен таанышып калганбыз. Ошол жерден эле бири-бирибизди жактырганбыз. Таанышкандан кийин 1 жыл өткөн соң баш коштук. Айылда ата-энебиз той беришкен жана ошол мезгилдин шартына жараша мыкты өткөн. Андан бери жалпы 38 жылдын жүзү болду. Биздин оюбузча, жубайлар бири-бирин түшүнүп, сыйлап жана сүйүп турса гана бактылуу үй-бүлөнү түптөй алат», — деди ал.

Жубайлардын 3 кызы, 1 уулу жана 10 неберси бар. Адина айым Айыл чарба институтун 1986-жылы аяктаса, Беделбек мырза М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын 1983-жылы аяктап, 40 жылдан бери музыка сабагынан мугалим болуп иштеп келет.

«Өзүм азыркы күнгө чейин эсеп-кысап кызматкери болуп иштеп келем. Эмгек жолум Кызыл-Ой совхозунан башталып, азыркы учурда Жайыл райондук билим берүү бөлүмүндө башкы эсепчинин орун басары болуп эмгектенип келе жатам. Жолдошум эмгек жолун Түркмөн орто мектебинен баштап, 40 жыл эмгектенген соң азыркы учурда «Керемет бөбөк» бала бакчасында музыкант болуп иш алып барууда», — деди Иманкулова.

Ал жаш жубайларга кеп-кеңешин айтып өттү.

«Аял жакшы эр жакшы» дегендей, аял кишилер жолдошунан бир тепкич ылдый болуп, үйдөгү мээрим, жылуулукту өз мойнуна алыш керек. Ал эми эркек кишилер үй-бүлөсүн багып, жубайын сыйлап, баалоо менен мамиле кылуу керек.

Жолдошум экөөбүз үзүрлүү эмгектин арты менен бир топ сыйлыктарга татып, чөйрөбүздүн арасында кадыр-баркка ээ болдук. Жолдошум бир нече ардак грамоталар менен сыйланса, мен «Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы» наамына ээ болдум. Андан сырткары бир нече ардак грамоталар менен сыйлангам. Экөөбүздүн тең хоббибиз — ырдоо», — деди каарманыбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE