Адилет 1-классынан бери «Манас» эпосунан үзүндү айтып келет

TurmushАдилет Жаныбек уулу 1-классынан бери «Манас» эпосунан үзүндү айтып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманабыз учурда Ат-Башы районунун алыскы Большевик айылында 8-класста окуйт. 2007-жылы ушул айылда туулган.

«Манас» эпосунан үзүндү айтып, ийримге катышып калганыма үй-бүлөм түрткү болду. Ата-энеме жана бизди дайыма алга сүрөгөн мугалимибиз Майрам Коенова эжебизге ыраазычылык билдирем. Райондук сынактарга катышып, бир нече сыйлыктарды алып жүрөм. Жакында райондук сынакка барабыз. Дагы көптөгөн байгелерди утабыз деген ишенимибиз бар.

Келечекте чоң манасчы болгум келет. Мындан тышкары милиция кызматкери болгум келет. Себеби, милиция кызматкерлери элдин укугун коргоп, элдин коопсуздугун камсыз кылат. Өзгөчө балдардын укугун коргогум келет. Көп пландарым бар», — деди ал.

Каарманыбыз «Манас» эпосун дүйнөгө тааныткысы келет.

«Манас» эпосун жайылтуу үчүн мектептерге предмет катары киргизүү керек деп эсептейм. Бир гана Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөргө тааныткым келет. Анан «Манас» эпосунан үзүндү укканда, «булар кыргыз экен» деп билишет. Биз шаарга барганда, кээ бир туугандарыма айтсам, алар: «Эмнеге бизде ушул ийрим жок» дешет. Мен муну орус мектептерге жайылткым келет. Орус мектепте окугандар өзүлөрүн кыргыз экенин унутуп калат.

Пример HTML-страницы

Ырдаганды жакшы көрөм. Комуз черткенге кызыгам, үйрөнүүгө аракет кылам. Спорттон футболго кызыгам. Быйыл президенттик балатыга барып келдик», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️