Пример HTML-страницы

Адамды «жомокко жетелеген» Үңкүр-Сай жайлоосу

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖумгал районунун Миң-Куш айыл аймагына караштуу Кабак айылындагы Үңкүр-Сай жайлоосуна эс алууга баргандардын саны арбын. Turmush басылмасы ал жерде тартылган видео менен бөлүшөт.

Үңкүр-Сай жайлоосу Бишкек шаарынан 360 чакырым, Жумгал районунун борборунан 54 чакырым аралыкта жайгашкан. Эгерде Чаектен Үңкүр-Сай жайлоосуна барууну кааласаңыз, анда Чаектен Сары-Булуң айылындагы май куюучу жайга чейин 36 чакырым, андан ары Үңкүр-Сайга чейин 18 чакырым, андан бери Хан-Салык аймагына чейин 9 чакырым жолду басасыз. Андан ары Ак-Көл көлүнө чейин 10 чакырым аралыкты басып өтөсүз. Көл менен Үңкүр-Сай жайлоосундагы боз үйлөр лагерине чейинки аралык 2 чакырым жолду түзөт.

Үңкүр-Сай жайлоосундагы тоонун түбүндө чоң үнкүр бар. Ал кеминде 3-4 бөлмөдөн турат.

Жергиликтүүлөр бул жерди көлдөр, тоолор жана каньондордун сырдуу өлкөсү деп аташат.

Ак-Көл көлүнүн өзү Түндүк-Түштүк унаа жолунан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ал эми 50 метр бийиктиктен агып түшкөн Бүлдүркөн аттуу шаркыратма Кызыл-Октябрь айылына жакын жайгашкан. Ал жерге барып, сүрөткө түшкөндөр арбын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE