Адамды майыптыкка алып келген кенеден кантип сактануу керек?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖаз айынын апрель-май айларында токой, талааларда кенелер көбөйүп, алар ооруларды чакырат. Бул тууралуу Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ат-Башы району боюнча бөлүмүнүн башчысы, дарыгер-эпидемиолог Нургүл Каипова кенен маалымат берди.

Анын айтымында, сыртынан кичинекей жана зыянсыз көрүнгөн кенелер кене энцефалити деген коркунучтуу ооруну чакырарын көбүбүз билбейбиз. Кене энцефалити – табигый очоктуу, борбордук нерв системасын жабыркатуучу, майыптыкка алып келүүчү жугуштуу оору. Козгогучу – вирус. Кене энцефалитинин вирусу кененин шилекейинде болот. Ал эми адамдарга жана жаныбарларга вирус кене чаккан учурда жугат. Кене чаккандан кийин 2 күндөн 21 күнгө чейинки мөөнөттө кене энцефалитинин белгилери пайда болот: Дене табынын 38-40 градуска чейин жогорулашы, шалдыроо, чарчоо, сөөк, муундардын оорушу, тамакка табиттин жоголушу, баш оорусу.

Оору жеңил, орто жана оор түрдө өтөт. Кене энцефалити ооруканада гана дарыланат. Ошондуктан ооруну эрте дарылоо менен анын кабылдоолорун алдын алууга болот. Өз учурунда дарыгерге кайрылса, дарылануусу өз учурунда башталбаса, вирус мээни терең жабыркатып, эс-тутумдун, кыймыл-аракеттердин төмөндөөсү (шал) сыяктуу кабылдоолорго алып келип, адам майып болуп калышы мүмкүн.

Кене энцефалитин алдын алуу жолдору:

• Оорудан эң натыйжалуу сактануу жолу – алдын ала кене энцефалитине каршы эмдөө алуу. Милдеттүү түрдөгү эмдөө кесиби токойлуу аймактар менен байланыштуу болгон жумушчуларга (геолог, токойчу, мергенчилер) 2 доза менен жасалат;

Пример HTML-страницы

• Апрель-май айларында кенелердин активдүүлүгү жогорулайт. Алар уча албайт. Бирок бадалдар, узун чөптөр менен жогору чыгып, же шамал аркылуу жылып, 10-15 метр алыстыкта жүргөн адамдын жытын сезишет. Ошондуктан токойго барардын алдында дененин бардык жери жабылгандай кийиниш керек. Үйгө келгенден кийин сырткы кийимдин баарын чечип, кенени карашыбыз керек;

• Апрель-май айларында негизсиз токойго баруудан баш тартуу керек;

• Ал эми кене чаккан учурда, кенени пинцет же кененин баш жагын жип менен байлап, айлантуу жолу менен алуу керек. Кээде кене чапташып турган жерге өсүмдүк майын тамызып койсок, кене кычкылтексиз думугуп өзү түшүп калат. Кенени жанчып албоо керек. Себеби, кене жанчылган учурда анын ичиндеги вирустун жугушуна жакшы шарттар түзүлөт. Ал эми кене чаккан жерди сөзсүз 70 пайыз спирт, йод сыяктуу каражаттар менен сүртүп, жогорудагы белгилер пайда болгон учурда токтоосуз дарыгерге кайрылуу зарыл. Муну менен биз кене энцефалитинин кабылдоолорун алдын ала алабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️