Адам өмүрүн кыйган жигит менен жалгыз жашаган кемпирдин Кеминдеги окуясы

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районунун тургуну Чынапия Зарлыкова 13 жылдан бери социалдык кызматкер болуп эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 1963-жылы 24-мартта Кемин районунун Кызыл-Суу айылында төрөлгөм. Жолдошум, 2 уулум бар. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктагам. Эмгек жолумду 1982-жылы Фрунзе шаарында баштап, кийин Кемин районуна келип иштеп жүрдүм.

Союз кулаган учурда 10 жыл иштеген жокмун. Кемин социалдык өнүктүрүү тармагына социалдык кызматкер болуп жумушка орношуп, 13 жылдан бери ошол жерде эмгектенип келем. 13 жыл аралыгында райондун, облустун, министрликтин грамотасы менен сыйландым. Ушул жылы биздин майрамыбызга карата «Социалдык коргоонун мыктысы» төш белгинсин тапшырышты», — деди ал.

Социалдык кызматкердин карамагында жалгыз жашаган 14 карыя бар.

«Ар бирибиздин карамагыбызда жалгыз жашаган 14дөн карыя бар. Ошолордун ар биринин тилин таап, өзүнчө мамиле кылуу кыйынга турат. Жакшы жагы алардын көбү бизге алкыш айтып, ыраазы болушат. Коомдо биздин жумушту көбү түшүнө беришпейт. Бизди үй кызматчылары катары кабыл алгандар бар.

Пример HTML-страницы

Ар биринин тагдырын угуп отурсаӊ, абдан кейиштүү. Карыганда жалгыз калып, балдары карабай кеткен же каза болуп калышкан. Айрымдарынын таптакыр балдары болбогон. Алардын тагдыры менен кошо кейип жатып, күч-кубатың кетет. Карыялардын окшош нерсеси бар. Барган сайын кайра башынан өмүр баяндарын айта беришет», — деди ал.

Каарманыбыз жалгыз жашаган кемпирдин адам өлтүрүп камалган кошунасы тууралуу окуяны айтып берди.

«Мен караган карыялардын арасында бир кемпир бар эле. Кышында кар жааганда, карды короонун ортосуна эле үйүп койчубуз. Бир кошунасы түрмөдө отуруп чыккан. Ал өзүнүн жанында жүргөн жигитти мыкаачылык менен өлтүрүп, унаанын багажына салып койгон жеринен кармалган болчу. Бул жасаган иши үчүн абакта отуруп чыкты. Анын үйү эки кабаттуу болгондуктан бийик эле.

Күндөрдүн биринде ал кемпирдин короосунда үйүлүп турган карды терезесинен көрүптүр. Кемпирге келип, «Мен карыӊызды араба менен сыртка чыгарып берейин» дептир. Кемпир сүйүнүп кетип, макулдугун берет. Анан тиги бала араба менен кардын баарын сыртка чыгарып, айлананы карап, эмнеси бар экендигин текшерип чыгыптыр.

Үйдүн сыртындагы дубалда шаты жөлөнүп турчу. Ал өрт өчүрүүчүлөрдүкүндөй болгон узартыла турган жакшы тепкич болчу. «Мен үйүмдүн үстүнө чыга албай жатам. Мага тепкичиӊди берип тур, анан алып келип берем» дептир. Кемпир ыраазы болгонунан макул дейт. Анан шатыны сүйрөп кеткенге арабасын сураптыр. «1-2 саатта алып келем» деп, ошол бойдон жок. Мен эртеси барсам, кемпир: «Ошол балага барып, араба менен шатыны алып кел» дейт. Анан «Ал бала мени тааныбайт, экөөбүз чогуу баралы» деп, жетелешип алып үйүнө бардык. Дарбазасын такылдатсак чыкпайт, үйүнүн эшиги ачык бойдон экен. Чоӊ үйдүн тепкичи да чоӊ болот эмеспи. «Мен ал тепкичтен чыга албайм, сен барып такылдат» деди. Үйдүн эшигине барып такылдаттым. Бирок ошол тепкичтен көтөрүлүп, эшикке жакындаганда корко баштадым. Эшигин такылдатсам, үн чыкпайт. Кире беришикте бут кийими турат. Кыйкырсам чыкпай койду. Үйүнө кирип, бөлмөлөрүнө киргенден корктум. «Жок экен» деп экөөбүз жетелешип алып кетип калдык. Үйгө жетип милицияга чалдым. Аймактык тескөөчүнү күтпөй, мен жумуштарым менен кете бергем. Милиция менен кемпир үйүн тинтип, сарайларын да карап чыгыптыр. «Шаты менен араба да, жигит да» жок дейт. Ошол күндү эстесем, азыр жүрөгүм түшөт. «Ал жакка эмнеге бардык. Өлтүрүп койсо эмне болот эле?» дей берем. Андан бери кемпирдин ошол оокаттары табылган жок», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️