Ачы айылында турак жайларды суу каптап, унааларды кыян суу агызып кетти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагынын (мурдагы Катта-Талдык) Ачы айылында селден кийин ондогон үйдүн короо-сарайына суу кирип, унаалар зыянга учурады.

Аталган айылдын тургуну Алдияр Акбар уулунун айтымында, үйүнүн алдындагы ашканасын сел алып кетти.

«Коңшумдун унаасын агызып, 10 метрдей төмөн жылдырып койгон. Оор жүк ташуучу унаа, тракторго зыян келтирилген деп айтып жатышат. Үйүмдүн сыртында курулган ашкананы, үйдү айлантып тоскон зымдарды сел агызып кетти. Үйүмдүн эки жагынан сел агып өтүп, үйгө кирбей калды», — деди ал.

Мындан сырткары айылдын жогорку жагынан өткөн каналдан суу ашып, ондогон үйлөрдүн короосуна, жер төлөлөрүнө кирген. Аны менен катар эле 90 млн сомго жаңы курулуп жаткан мектептин короосуна, ФАПтын короосуна суу кирген.

Учурда жеринде ӨКМдин куткаруучулары селдин калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүп, таза суусуз калган үй-бүлөлөргө суу жеткирип беришүүдө.

Пример HTML-страницы

Ачы айылынан түшкөн сел Ош—Алай жолунун 7-чакырымында асфальт жолдун четин талкалап кетти. Андан ары эгин талааны каптап, беде талаасын алып, жүгөрүлөрдү аралап кеткен.

Ошондой эле сел суулары Асан-Чек айылына да жеткен. Ондогон үйлөрдүн короо-сарайларына суу кирген. Айрым үйлөр жараксыз абалга кептелди.

Өзгөчө крыдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, 2024-жылдын 14-июлунда Кара-Суу районунун Мады, Датка жана Баш-Булак айыл аймактарында сел жүрдү. Анын кесепетинен 647 үйдүн коро-жайларын, 9 социалдык объектини (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей жана 1 ФАП) сел каптап, ички чарбалык жолдорду, ички көпүрөлөрдү сел алып кеткен.

274 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️