Абдырасул аксакал Калтарбүбү апаны бир көргөндө эле өзүнүн энесине окшоштуруп баш кошкон

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Арал айылындагы жубайлар — 67 жаштагы Абдырасул Алыбаев менен 65 жашта Калтарбүбү Алыбаева 45 жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Абдырасул ата: 1977-жылы аскерге кетип, 1979-жылы кайтып келдим. Жубайым экөөбүз 1979-жылы 13-октябрда баш кошконбуз. Үйгө келгенимде эле үйдөгүлөр «келин тап» дешип, мен дагы үйлөнөм дедим. Биздин учурда сүйлөшкөн деле жок болчу. Жубайым Каракол айылынын кызы экен. Талас шаарында тигүүчү цехте иштейт экен. Анан ошол жакта тааныш эжелерибиз иштечү. «Ушул кыз жакшы кыз экен, сага мыкты жар болот» деп көрсөтүп калышты. Көрсөм өзүмдүн апама окшош, сабырдуу, токтоо мүнөз, бышык кыз экен. Мен жактырдым дагы өзүнө айтып эле автобус менен алып келип калгам.

Совет доорунда өмүр бою техника менен иштедим. Колхоздо трактор айдадым. 4 уул, 2 кыздын ата-энеси болдук. Балдарыбыздын бой жетип турган маалы колхоз тараган кезге туш келди. Баягыдай колхоздун техникалары жок. Баары жеке менчикке өтүп кетип, эл өтө кыйналган эле.

Балдарыбыз менен гектар жерлерди кол чалгы чаап, бардык талаа иштерин техника жок кол менен жасап калганбыз. Ошол жылдары мал чарбачылыгын түптөп, тоого мал менен чыгып, ар бирибиз өзүбүздүн мүлк деп жашап баштаган элек. Кудайга шүгүр, эмгек кылган адамдын жашоосу жакшы болот. Балдарыбыздын баары өздөрүнүн оокатына тың, эмгекти сүйгөн адамдар болушту.

Калтарбүбү апа: Мен жаңы келин болуп келгенимде кайын энем эле бар экен. Атабыз каза болуп калган экен. Бала кезде көп нерсени билбейсиң, апаңдыкын бирин угуп бирин укпай, жумушту деле жакшы үйрөнбөйсүң да. Кудайым кыздарга ушундай тагдыр берген, башка бирөөнүн үйүнө барып, алардын эрежеси менен жашап каласың. Кайын энем ушундай алтын киши эле. Мен келгенден тарта эле бардык жумушумда жардам берип, акыл-насаатын айтып, өзүмдүн апамдай эле болду. Кийин «устадан шакирт өтүп кетти» деп күлүп калчу.

Пример HTML-страницы

4 балам туулганча карашты. Андан кийин көзү өтүп кетти. Кош бойлуу кездеримде кирди чогултуп алып, мага жуудурчу эмес. «Азыр өзүм эле автоматтай болуп жууп коем. Сен жайып тур, мен жууп берем» деген сөзү бар эле. Бизди аяп, жаш, уктап алсын деп эртең менен тургузбай койчу. Турсак эле чайын ичип алып, эшикте ийик ийип отурчу. Анан уялып, «апа, уктап калыптырмын десем, «турмуш кыстаганда, өзүңөр эле туруп каласыңар» деп айтып калчу. Көрсө чын эле ошондой экен. Бара-бара оокат деп өзүбүз эле таң заарда туруп калганбыз. Азыр ойлоп абдан акылдуу аял болгон экен деп калам.

Жолдошум экөөбүз турмушта ынтымактуу, берекелүү жакшы жашадык. Балдарыбыз баары үй-бүлө күтүп, өздөрү ата-эне болуп, өздөрүнүн жашоосун түптөп жатышат. Алардын жакшы жашаганы биздин бакыт. Учурда 19 неберебиз бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️