Пример HTML-страницы

Абактагы «Казакка» «посылка» ташыган делген мурдагы жетекчи камактан бошотулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushӨзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн районундагы филиалынын экс-директору камактан бошотулду. Бул маалыматты Turmush басылмасына Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 18-майындагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн өтүнүчү (шектүүгө карата бөгөт коюу чарасынын үй камагын тандоо жөнүндөгү) канааттандырылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 3-бөлүгү (этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) менен айыпталган А.Р.Т. [Ырысбай Абдуллаев] карата бөгөт коюу чарасынын үй камагы түрү тергөө мөөнөтүнө, тактап айтканда 13-июлга чейин тандалды.

——————————————

УКМК 2024-жылдын 20-майында Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн районундагы филиалынын экс-директору А.Р.Т. кармалганын билдирген.

«Мурдагы жетекчи 17-майда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, тактап айтканда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кармалды. Аталган жаран Өзгөн районунда «Кадастр» мекемесин жетектеп турганда тергөө абагына камалган «Казак» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө посылка ташып турган.

Эске салсак, 2023-жылдын ноябрында УКМК төрагасы К.Ташиев Жогорку Кеңеште А.Р.Т.нын «Казак» менен байланышы бар экендигин маалымдаган болчу», — деп айтылган расмий маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE