А.Жаманкулов менен А.Дыйканбаева баш кошкон күнү Ысык-Ата суусунун ортосунда калышкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернационал айыл аймагына караштуу Боз-Бармак айылынын тургуну Асанбек Жаманкулов менен Анара Дыйканбаеванын баш кошуп, бирге түтүн булатып келе жаткандарына 52 жыл болду. Жубайлар менен аймактык кабарчы таанышты.

Асанбек атанын 1948-жылы 15-августта туулган.

«Боз-Бармак айылында ата-бабам жашады. Мен дагы ушул айылда өстүм. Биринчи май орто мектебинен билим алып, 8-классты аяктаган соӊ, 1968-жылы 9-май күнү Ыраакы Чыгышка аскерге кеттим. Мекендин алдында 2 жыл 6 ай милдетимди өтөп, кайра айылга келдим. Келгенден кийин айдоочу болуп иштеп жүрдүм. Анан жубайым менен баш коштум. Ошол кезде бүт республикадагы жаштар мал багуу үчүн активдүү катыша баштаган. Анан биздин башкарма келип, «келинчегиӊ экөөӊ дагы мал баккыла» деди. Ал кезде малчыларга шарт абдан жакшы түзүлгөн. Жем-чөбүӊ даяр, алдыӊа унаа берет, жумушчуларды жөнөтөт. Ошентип союз учурунда мал бактык», — деди ал.

Асанбек ата байбичеси Анара менен кантип таанышып, кантип баш кошконун айтып берди.

«Байбичем Анара Дыйканбаева «Сынташ» колхозунда окучу. Мектеби «Ысык-Ата» курортуна жакын болчу. Мен ал жакка жумуштап барып, ошол курорттон таанышып калганбыз. Сүйлөшүп жүрүп, 1970-жылы баш кошууну туура таптык. Анан досторум менен барып, Анараны унаага салып, үйгө Боз-Бармакка жөнөдүк. Ысык-Ата суусу анда аябай шар жана чоӊ акчу. Жарбашы айылына жетпеген жерден өтүшүбүз керек. Ал кезде көпүрө жок. Күз мезгили болчу. Суу күркүрөп агып жатат. Жеӊил унаа менен суунун ортосунда тыгылып калдык. Ары же бери өтө албай көпкө убара болдук. Анан айылдан трактор айдатып келип, унааны чыгарып кеткенбиз. Ошентип үйгө барып, жакын туугандар, досторум менен чакан той өткөрдүк. Мына минтип быйыл 52 жыл болду. Кемпирим экөөбүз уул-кыздарыбыздын сыйын көрүп, үйдөбүз. Бош убактымда жер-жемиш, мөмө бактарын өстүргөндү жакшы көрөм. 1990-жылдары отургузган мөмө бактарым жакшы түшүм берди. Азыр алар карып, эми ордуна жаӊысын отургузайын деп жатам. Мындан улам айылдагылар мени «Мичурин» деп коюшат», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Каарманыбыздын 1 уул, 1 кыз, 6 небере 5 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️