Пример HTML-страницы

А.Темирбаева өзүнүн үйлөнүү тоюнан кийин жолдошу экөө үйүнө жөө жеткенин унутпайт

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Талас шаарынын 24 жаштагы тургуну Айзада Темирбаева. Өзүнүн өмүрлүк жарын кантип жолуктуруп калганын жана жаңы келин болгондогу күлкүлүү окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулгам. Жогорку окуу жайын аяктап, Таласка келдим. Кесибим боюнча кыргыз тилчи мугалим болгондуктан, телевидение жаатында өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Тыкылдап сүйлөгөн кабарчыларды көргөндө жумуштары оңой деп элестетчүмүн. Көрсө жаңылыптырмын. Экрандын артындагы түйшүк башкача экен. Башында абдан кыйналып жүрдүм. Бирок тажрыйба топтоп калган улуу эже, агайлардын жардамы менен үйрөнүп кеттим. Дал ушул телевидениеде иштеп жүрүп сүйүүмдү жолуктурдум», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошу экөө 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш кошушкан.

«Кесиптешимдин туулган күнү болуп, кафеге бармай болдук. Кафеге барсак, дос балдары да куттуктап келип калышты. Дал ошол жерден болочок жолдошум менен таанышып калдым. Кийин мен анын жумушуна барып, интервью алып жүрдүм. Андан кийин номурумду дос балдары аркылуу сурап алып, чалып жүрдү. Кийин социалдык тармак аркылуу сүйлөшө баштадык. Ошентип 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. Жакшы сапаттары менен өзүнө арбап алды. Жүрөгүндө ыйманы бар, оокат кылам деген балага турмушка чыгам деп ниет кылчумун. Кудайым тилегимди берди десем болот», — деди ал.

Каарманыбыз үйлөнүү тою чоң энесинин каалоосу менен мөөнөтүнөн эрте башталганын айтат.

«Бири-бирибизди жакшы көргөндүктөн бат эле баш кошуп алдык. Кызыл кийип, кыздын доорун сүрүп жүргөн жеримден 2019-жылдын 29-июнунда Талас шаарына келин болуп, ак жоолук салындым. Негизи тойду күз мезгилине деп сүйлөшүп жатканбыз. Бирок чоң энем катуу ооруп, “кыздын жолу улук болот. Мен тоюн көрүп калайын” деп, сүйлөшүлгөн убакыттан эрте турмушка чыгууга туура келди. Тоюбузда чоң энем катышып, сүйүнүп отурду. Арадан төрт ай өткөн соң бизди таштап, тиги дүйнөгө кете берди», — деди ал.

А.Темирбаева үйлөнүү той бүткөндөн кийин жолдошу экөө үйгө чейин жөө кеткенин билдирет.

«Үлпөт тоюбуз бүтүп, эл тарап жатты. Башында баары биз менен сүрөткө түшүп, талашып жаткан адамдардын бирөөсү да жок. Жолдошум экөөбүз ресторандан үйгө чейин жөө кетип калганбыз. Жолдогу унаалар сигнал берип, кол булгалап коюшат. Үйгө келип, үлпөт көйнөгүмдү чечкем. Андан соң башыма жоолук салынып, кадимки көйнөктү кийип, жолдошум экөөбүз дос баласын Москва шаарына узатканы кетип калганбыз. Көчөдөн кеч келдик. “Бизге ысык чай бербей, көчөгө кетип калдың. Эми ысык чай бер” деп коноктор тамашага салышкан», — деди ал.

Келин болуп келгендеги күлкүлүү окуясын кеп кылды.

«Бир жолу лагман бышырып, үйдөгүлөрдүн баарын тамакка чакырып койдум. Тамакты идиштерге куюп жатып, даамын татсам, туздун көбүн айтпагыла. Жөн эле шор болуп калыптыр. Уялгандан эки бетим кызара түштү. Жолдошума айтсам, апама айт дейт. Апама айтып алып, абдан корктум. Уруш укканга болушунчу даярданып турсам, апам тескерисинче мага карай жылмайып койду. Лагмандын шорпосун төгүп, кайнак суу куюп жибердик. Суусун үч жолу төгүп кайра куюп жатып, араң тузун тууралап, тамак бергем. Ошол күнүм эсимден эч кетпейт. Көрсө туздалган калемпирди жууп туруп, анан тамакка кошот экен. Мен болсо жуубай эле казанга салып койгон болчумун. Азыр туздалган калемпирди көргөн сайын, ошол окуя көз алдыма тартыла кетет. Ал мага чоң сабак болгон», — деди ал.

Азыркы учурда эмне менен алек экенин айтып берди.

«Телевидениеде 2 жыл иштедим. Жолдошум Улук менден 2 жаш улуу. Калкты тейлөө борборунда иштеп келет. Ортобузда 1 кызыбыз бар. Азыркы учурда кызымды карап үйдөмүн», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE