А.Кырбашев согушта ротасы менен 250 душманды жок кылса, өзү 10 душманды атып өлтүргөн

TurmushКара-Көл шаарынын тургуну, мугалим Айша Кырбашева атасы Асек Кырбашевдин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктерин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Атасы Асек Кырбашев согуштун күчөп турган мезгилинде 316-аткычтар дивизиясынын катарына алынып, Москваны коргоо үчүн кандуу салгылашууга кирген.

«Атам Асек 1910-жылы мурунку Тянь-Шань облусундагы Ат-Башы айылында жөнөкөй дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. 31 жашка толгондо 1941-жылдын 17-июль күнү кызыл армияга чакырылган жөнөкөй жумушчулардын катарында фронтко жөнөп кетет. 1941-жылы июль-август айларында 316-аткычтар дивизиясы негизделип, анын курамында атам да бар эле. Аталган аткычтар дивизиясынын биринчи командири генерал-майор Иван Панфилов ошол кезде коңшу Казакстан ССРи менен Кыргыз ССРинин аскер комиссариатын жетектеп турган.

1941-жылы 26-августта Алматы шаарынан Новгород облусунун Борович станциясына 316-аткычтар дивизиясынын эшелону келип түшөт. Ошентип 316-аткычтар дивизиясынын жана Асек Кырбашевдин согушка болгон сапары, Ата Мекенди фашисттик Германиядан коргоо миссиясы, согуштук духу ушул жерден башталат. Согуштун алгачкы жылдары өтө оор мезгилди баштан кечирип, бардык фронттордо айыгышкан күрөш болгонун билебиз. Тарыхта немистер Москваны курчап алууга аз гана калганы белгилүү. 316-аткычтар дивизиясы 1941-жылдын 30-сентябрынан 1942-жылдын 20-апрелине чейин Москва шаарын душмандардан коргоо максатында айыгышкан кандуу кармашты башынан кечирген», — деди Айша айым.

Айша Кырбашеванын айтымында, атасы көрсөткөн эрдиги үчүн «Эрдик үчүн» медалына көрсөтүлгөн.

«Москваны коргоодо кызыл армиянын жоокерлери Волоколамский шоссесинде фашисттик душмандардын биринчи мизин кайтарышкан. Ал айыгышкан согушта атам да бар эле. 1941-жылы 30-ноябрда А.Кырбашев гранатанын чачырандысынан бутунан жарадар болуп, госпиталга жөнөтүлөт. Ал жактан сакайгандан кийин 220-аткычтар дивизиясынын 376-аткычтар полкунун танкка каршы туруу ротасына политрук кызматына жайгаштырылат. Калинин фронтунда көрсөткөн эрдиги үчүн «Эрдик үчүн» медалы менен сыйланат. Ал Жеңиштин келерине ишенип, чын жүрөгү менен тайманбастан согушкан.

Пример HTML-страницы

1943-жылы 25-июлда Смоленскти бошотууда А.Кырбашев экинчи ирет жарадар болуп, госпиталга түшөт. Андан кийин 67-аткычтар гвардиясынын 199-полкунун аткычтар ротасынын 1-аткычтар батальонунда душмандар менен салгылашат. Анын согушта көрсөткөн эрдиги үчүн сыйланган баракчасында: «1943-жылы 10-декабрдан 24-декабрга чейин Калинин облусунун Ловец, Караваи, Жары айылдарында, Невельск районунда Кырбашев өзүнүн ротасы менен согуштук мыкты тактикаларын колдонуп, тайманбаган эрдигин көрсөткөн. 18-декабрда өзү жетектеген ротасы менен согуштун ыкмасын туура жана билгичтик менен колдоно билип, уюшкандык менен контратакада 4 жолу душмандын пехотасын талкалап, 250 душманды аткан. Ал эми өзү 10 душманды жок кылып, мизин кайтарган» деп жазылган», — деди кызы Айша Кырбашева.

Анын айтымында, 1944-жылы немистик оккупанттарды басып жок кылууда А.Кырбашев үчүнчү ирет оор жаракат алып, узак убакытка чейин госпиталда дарыланат. Андан кийин өз мекенине кайтып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️