Пример HTML-страницы

Эне менен баланын кыскача окуясы.

https://kyrgyzcha.site/?p=4288&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЭНЕ МЕНЕН БАЛАНЫН КЫСКАЧА ОКУЯСЫ

Бир аял тигүүчүлүк кылып жан бакчу.
Анын жалгыз баласы бар эле. Баласын
университетке окутуп, элден кем кылбай
акча менен камсыз кылып турчу.

Баласы университетти аяктай элегинде
энеси көз жумуп бул жашоо менен кош
айтышты.Күндөр күнгө уланып,айлар айга
алмашып, арадан жылдар өтүп, баласы
окуусун аяктап иштей баштады…

Студент кезинде: «Окуумду аяктап иштей
баштасам, алган маянамдан ай-сайын
энеме берип турам»- деп, ниет кылчу.

Бирок, Аллахтын каалоосу менен апасы
көз жумду. Апасынан айрылганына
кайгырып, көпкө көз жашын төгүп
жүрдү.

Алган айлык-маянасынын төрттөн бирин
кедей-кембагалдарга садака кылып,
сообун апасына багыштай баштады…

Апасынын көз жумганына 30 жылдын
жүзү болгонун жана ар-бир намаздын
артынан апасына дуба кылаарын, кудук
каздырып суу чыгарып, бир канча
мечиттерге суу муздаткычтарды коюп
сообун апасына багыштаганын Аллахка
ант ичип айтат.

Бир күнү өзү жашаган райондогу мечитке
намазга барып бир нече кишилердин
мечитке суу муздаткыч коюп жатканын
көрүп калды.

Ичинен өзүнө: «Чыгыш жана батыштагы
көптөгөн мечиттерге суу муздаткычтарды
коюп, өзүбүздүн райондогу мечитке койгонду
унутупмун» деп, кайгырып турган кезде
мечиттин имамы жанына жакындап келип:

«О, Мухаммадтын атасы мечитке суу
муздаткыч койдурганыңызга рахмат,
Аллах таала кылган жакшылыгыңызды
кабыл кылсын!» -деди.

Уккан кулагына ишенбей бир азга таңыркап
туруп калып:»Аллахка ант! Аны мен койдурган
жокмун»-деди.

имам: «Аны бүгүн сиздин уулуңуз алып келип,
сиздин берип жибергендигиңизди айтты»-деп,
турган кезде уулу Мухаммад келип,атасынын
колун өөп:

«О, атаке! Аны мен койдурдум, сообун сизге
багыштадым, Аллах Таала анын сообуна
сизге бейиштеги «салсабила» ичимдигин
ичкенди насип кылсын!» -деди.

Атасы: «О, балам! Өзүң мектепте окусаң,
муздаткычка акчаны кайдан таптың?- деди.
Баласы: «Беш жылдан бери мектепке жана
айт майрамдарына деп берген
акчаларыңызды жыйнап, сиз чоң апамдын
атынан кайрымдуулук кылганыңыз сыяктуу
мен дагы сиздин атыңыздан кайрымдуулук
кылдым»-деди.

Бул окуя эскиден айтылган сөздүн акыйкат
экендигин дагы бир ирет тастыктайт:

Ата-энеге жакшылык кылуу карыз берген
сыяктуу, ал карыз сага балдарыңдан кайтат»…

Ата-энеге жакшылык кулууң өз колуң менен
жазган окуяң, аны сага өз балдарың окуп
берет».

Ата-энеңе кызмат кылып, дубасын алып
ыраазы кылсаң-анда ата-энең бейишиң…

Ата-энеңди кордоп, кызматын кылбай нааразы
кылсаң-анда ата-энең кейишиң». ..✅

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE