Пример HTML-страницы

Туткун кыз 13 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

13-БОЛУМ

 

Жашоо учун курош

Аны дагы кайрадан келемиштер ойготту. Айланасында үч-төрт келемиштер чуркап жүрүптүр. Көпкө уктаса керек, дене-башы ооруксунуп, кабыргалары ооруп кыймылдатпай калыптыр. Кыйналып ордунан араң турду, кечөө ары-бери тыным албай

сойлогондуку дене-бою кыймылдаган сайын ооруп жатты. Жайдын саратан мезгили болсо да бир топ үшүп калыптыр. Көзүн ушалай шалдайып бир топко отурду. Курсагы аябай ача эмне тамак болсо эле жегиси келип турду. «Тигил машинадагы тамактарды жебегенде эмдигиче кыймылдай албай калмак экенмин да. Бир жарым же эки сутка болуп кетти окшойт. Кызык, азыр саат канча болду, сыртта күнбү же түнбү? Улам уктап туруп атып күн- түндү чаташтырып да алдым. Же сырттан жарыктын шооласы жок, же кишилердин дабышы, машиналардын үнү угулбайт. Тигил жактан машинелердин дүрүлдөгү кичине дем бергенсип жатты эле, бул жактан болсо тигил дүйнөдөн ажырап, таптакыр башка дүйнөгө келгендей болдум го». Ордунан козголуп темир түтүктүн үстүнө чыгып жөргөлөйүн деди эле тизеси менен алаканы таптакыр эле оорутуп, тоскоолдук кылды. Кыймылдайын деп эмнегедир башы айланып, жер айлан-көчөк болуп атты. «Эмне ооруп калдымбы же тамак ичпей курсактын ачкандыгыбы? «ордунан козголо эптеп турду дагы темир түтүктүн үстүнө тартынып чыгып, денелери кыйналып ооруганына карабай кечөөгүнү барбаган жагына жөрмөлөп жөнөдү. «Чын эле ушунун алдынан чыгалбай өлүп каламбы? Шаардын алдына окшошпойт го, жок дегенде бир дабыш угулуп тирүүлүктүн белгиси билинмек да же тигил акча чыгарчу жашыруун жай шаардын ичиде эмес беле? Машиненин арткы багажына жашынып алып мен эч нерсени көргөн жокмун. Машине мени таптакыр башка жакка алып кеткенби? Деги мен кайдамын? Ушинтип жер алдында сокур чычкандай болуп жүрө беремби? Алиги келемиштер дагы каякка кетишти, жок дегенде жашоонун, тирүүлүктүн белгисин билгизип, ошолор ары-бери үн чыгарып чуркап турушса боло. Көрдөн айырмасы жок капкараңгы жер алдынан кантип үстүнө чыгып кете алам? Оо, Кудайым жардам бере көр», — өзү менен өзү сүйлөшө канча жерге чейин сойлоп барганы белгисиз бир кезде өзүнөн анча бийигирээк эмес жерден темир капкакты көрдү. Кайрадан үмүт оту жана ага дароо жетип барды да акырын түртүп көрдү. Ачылбай койду, сыягы ал дагы бек окшойт. Бардык нерседен, бул дүйнөдөгү жашоодон да үмүтү үзүлө шалдайып отуруп калды. «Эмне себептен бардыгын үстүлөрүнөн бекитип таштаган, бул жакта тим эле алтын бардан бетер» ошол мезгилде ал адамдардын бардыгын жек көрүп кетти. «Бул теңирчилик заманда эмнеге бирин- бири пайдаланышат. Эмнеге бирин-бири кордошот, өлтүрүшөт. Биздин айбандардан эмне айырмабыз бар. Тигил дүйнөдө тозок менен бейиш бар болсо, эмне эле адамдардын бардыгы тозокту көздөй умтулушат. Эмне эле бир-экт тамчы кара боёк бүтүндөй ак нерсени карартып жиберип атат. Кайда барба ак көңүлдүүлүктү карөзгөйлүк жеңип, үстөмдүк кылып кетүүдө. Же азыркы адам баласынын жашоосу ушундай болуп бүт жер жүзүн шайтан аралап кеткенби?»  Диананын эч нерсеге көңүлү келбей шайы ооп, бардык нерседен үмүтү үзүлө темир түтүктүн үстүнө жатып калды. «Күн менен түн билинбей караңгы жер алдында ушинтип өлүп каламбы. Кызык, жер үстүн бербей кыбырап жүргөн адам баласы кайда кетишкен, дегеле бир кыбыраган тирүүлүктүн белгиси жок». Чалкасынан жаткан боюнча оюна ар нерсе келип атты. Бир кезде каы катып суусап чыкты. «Мен эмне тозоктон качып чыгам деп кайра тозокко кабылдымбы?  Же менин маңдайыма Кудай- Таалам азап-тозокторду жазып койгонбу? Ушинтип жөн өлбөй жер алдындагы келемиштерге жем болуп, таланып өлөмбү. Менин өмүрүмдү алып калчу адам болобу же жер үстүндөгү менден башка адамдар жок калганбы? Жо-жок мен өлбөшүм керек, али эртелик кылат» Диана ордунан туруп болгон күчү менен үстүндөгү бекилүү темир капкакты чапкылап, кыйкыра баштады.

— Ээ-э-ээй адамзат, тирүү жандык барбы?! Жардам бергиле-ее-ее! ! Анан токтой калып бирөөлөрдүн дабышы угулар бекенби дегендей кулагын көтөрө демин чыгарбай тыңшап калды. Дегеле шырп эткен дабыш угулбайт. Ачуусуна кошул- ташыл боло «сен өлсөң бизге жем болосуң» дегендей кез-кез келемиштердин өз ара бир нерсе талашып «чыйк-чыйк» эткен үндөрү угулат.

— Ээ-ээ-эй тирүү жан барбы?! Темир капкакты тарсылдатып каккылай бери, кыйкырып атып тажаган соң темир түтүктүн үстүнө кайрадан сулк жатып калды. Оюна Токмоктон анча деле алыс эмес Кегети айылындагы апасы анан мындан беш-алты жыл мурун каза болгон атасы түштү. Апасынын пенсияга чыкканына аз эле болгон. Өмүр бою айылында акушерка болуп иштеп анан пенсияга чыккан. Атасы болсо онунчу классты окуп жатканда кан басымы жогорулап ошондон каза болгон. Айылдык клубтун башчысы болчу. Анын комузчулугун Чүй району бүт билишчү. «Кимдин кызысың? Деп сурашып «Ысмайылдын» деп жооп бергенде «Аа тиги Кегетилик комузчу Ысмайылдынбы? » дешип дароо атасынын мыкты комузчулугу тууралуу айтып киришчү. Дианадан башка бир туугандарынын баары комузчу, бардык музыкалык аспаптарда ойношкон музыкант болушчу. «Мен эмне эле атамды тартпай калдым экен жада калса ырдаганга да үнүм жок» деп ал кээде той-топурларда, ыр кеселерде ырдай албай кысына берчү.

Атасы да күтүлбөгөн жерден каза болгон. Жетинчи апрель күнү кечке маал үйүндө төрдө отуруп алып, комуз чертип отурган. Казанда эт салынып кайнап жаткан. Мештеги от күйүп жатабы деп комузун коё коюп, эңкейе бергенде аз жерден кулап кете жаздап барып дубалды таянып аялына кыйкырган.

— Каным мени карма!

Эмне болуп кеткеин түшүнүшпөй балдары үймөлөктөй калышкан. Саат кечки жети болуп калган болчу. Бетине кан тээп чыгып, чалкасынан кулаган. Баарылап көтөрүп барышып башына жаздык төшөп, төшөккө жаткырышкан.  Ошондо эле кырылдап эсин жогото баштаган, кыйкырык, ызы-чуудан эки жолу эсине келип, үчүнчүсүндө кыйкылдап-чыйкылдап адаттан башкача үн чыгарып кете берген. Бир сааттан кийин айылдык доктор аны кармалап көрүп, алысыраак туугандарынан бирөөнү бери чакырып алып айтыптыр, «Бул эми киши болбой калды баш тамыры жарылып, мээсине кан куюлуп кетиптир. Жайына даярдай берсеңер болот». Атасынын көз алдыларында кандайча каза болгону Диананын бүгүнкү күнгө чейин эсинде. «Кудай-Таалам алам десе заматта эле алып коёт экен адам баласын. Сыягы менин дагы жашоом бүтүп калды окшойт…»  Диана эч нерсени ойлогусу келбей көзүн жумду. Күтүлбөгөн жерден «шырп» эткен добушка дароо көзүн ачып тыңшап калды. Жок, эч кандай дабыш билинбейт. Сыягы келемиштер окшойт. Кайрадан ордунан туруп, капкакты дагы тарсылдатып, болгон күчү менен кыйкыра берди. Жедеп үнү бүтүп, тажага соң кайра жатып калды. «Карачы күтүлбөгөн байлык менен күтүлбөгөн ажалдын коштоп жүргөнүн. Ушул жанымдагы бир баштык акчалар менен айылга барсам кандай гана бай жашайт элем. Ай, андай күн болбойт го». Ар нерсени ойлоп жата бери, көзү илинип кетти. Аны баягы эле келемиштер ойготту. Муздак темирдин үстүнө жатканга кадимкидей денеси салмактанып ооруп калыптыр. Акырын темирден төмөн карай жылмышып түштү. Таптакыр эле алсырап, алы кетип калыптыр. «Кызык канча күн, түн же сутка өтүп кетти. Же жарыктын шооласы жок. Туюу сезимим менен иштеп сокур чычкандан айырмам жок болуп калды го. Дагы канча убакытка чейи чыдай алаар экенмин бул жер астында. Кой, өлүгүмдү бирөөлөр таап алгыча артымдагы акчалардын көзүн курутайын, мен жөнүндө жаман ойдо калышпасын» , ал акырын ордунан козголо таманындагы кумду колу менен шилей баштады. Колдорунун тырмактары сынганына карабай бир топ казды. Анан артындагы баштыкты чечип кагазга оролгон акчалардан бир- экөөнү алып, баштыктын оозун бууду да чуңкурга салып үстүнөн көмүп, алаканы менен чапкылап тегиздеп таштады. Эки таңгак акчаны коюнуна сойлотуп, кайрадан темир түтүктүн үстүнө чыкты. Улам барган сайын алсырап, кыймылдаганга алы келбей калган болчу. Темир түтүктүн үстүнө кыймылсыз, бул жашоодон үмүтүн үзө чалкасынан жата берди. Көзүнө ар кандай нерселер көрүнүп жок болуп кетүүдө. Бири-бирин тиштегилеп чыйкылдашкан келемиштерди улам жакындап келишкен сайын колу менен жаңсап кубалап жатты. Акырындап аларды кубалаганга да дарманы келбей калды. Эриндери жарылып, көздөрү тумандап, колдорун тиштегилеп жаткан

келемиштерге да каршылык көрсөтө албай бара жаткан… Диана жер алдындагы көзгө сайса көрүнгүз караңгы жерде ажал менен аёосуз кармашып, алты сутка жаткан болчу. Ортодо ажал менен өмүр кармашып акырындап ажалга моюн сунуп бараткан. Күтүлбөгөн жерден капкактын үстүнөн кандайдыр бир дабыштар чыгып, адамдардын сүйлөшкөн сөздөрү угулуп кеткенсиди.  Диананын кулагына ар кандай каткырган, кыйкырган үндөр угулуп, көздөрүнө ар кандай сөлөкөттөр көрүнүп, бу дүйнөбү, тиги дүйнөбү айырмалай албай калган. Болгон күчүнө салып кыйкырайын деди эле үнү да чыкпай калыптыр. Эсине келип көзүн ачып тыңшаса, чын эле капкактын үстүндө бакылдашып сүйлөшкөн адамдардын үндөрү кадимкидей кулагына угула баштады. Анан болгон күчү менен «жардамга! » деп катуу кыйкырды, бирок үнү эптеп эле чыгып жатты.

— Коё турчу, капкактын алдынан бирөө кыйкырып атабы? — үстүндө жүргөндөрдүн бирөө токтоп кулагын төшөдү. Анын алдынан жай кыңылдап үн чыгарып жаткан үндү угуп, артта калганы алдыда кетип бараткандарды токтотту.

— Бул капкактын алдында бирөө бар окшойт, токтой тургулачы…

— Ой койсоңчу, кулпуну бузуп ким кирип алды дейсиң капкактын алдына. Кой кеттик, — ары жакта тургандар складдын оозун жаап кетмекчи болуп калышты. Алиги жигит айтканынан кайтпай, кулагы менен тыңшап калды. Анан бирөөнүн жардам сурап жатканын угуп, колундагы чоң темир ачкыч менен болгон күчкө сала кулпуну чаап, сындырып жиберди. Дароо капкакты ачты. Төмөн караңгы жакка көз жүгүртө өзүнө ишенбей таңгала карай туруп калды. Ары жактагылар да дароо жетип келишип бир ордуларында катып калышты. Темир түтүктүн үстүндө чачтары туш тарапка жайылган сулуу периште араң жан кыймылдай чалкасынан жатка эле. Анын үстүндө жыбырашып келемиштер чуркап жүрүшкөн.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE