Пример HTML-страницы

Оюндан от чыкты 6 бөлүм

Оюндан от чыкты

6-бөлүм…

Жатаканада бир күн эс алышып жолго чыгышты кайра.Аябай кыйналып жатты.Отура албайт жатып кетип баратты..Шопур байкеда жакшы киши экен акыбалды түшүнгөн…Казахстандын шаарларынын биринен ГАИ кармап каттуу текшерип жатты..Буларды дайынсыз жоголгон деп издөөгө койгон болчу..Же жиберишпейт аябай кыйнады.Акыры Данек ыйлап жиберди..Жалбарсада болбоду..

Айласы кетип атасына звонтетти.Атасынында бул жакта тааныштары жок болгондуктан маселе чечилгенче суукта үч сааттай отуруп калышты…

Бир ошол Милицияда чоң болуп иштеген досун эстеп түн бир оокумда ошого чалды аргасыз..Ал башкаларга чалып тааныш тапкыча сааттар өтүп кетти.Акыры тапты.Ошол ГАИ нин начальниги бул жактагы бир Чёрныйдын таанышы экен..Бир убакта булар наркотик менен иштеп чогуу эс алып калышкан бир жолу..Бул жөнөкөй кызматкерге буйрук келдиби ким билсин, кийинки шаарга чейин буларды коштоп барды….

Таможний мененда сүйлөшүп Данекти атасы Алматадан тосуп алды..Сүйунүчүнө чек жок.Ар дайым колдоочу ишенген адамыңдын алдында терең дем алып каласыңго.

Алып келген шопур кишини ээрчитип үйгө кетишти..Бүт жагдайды уккан Арман аябай жинденди.Шопурду жакшы сыйлашып колуна эки пачкадай доллар карматып ыраазы кылып жөнөттү..Москвага Арман өзү бармай болду.Дамирди биринчи төрт адамды жок кылдың деп күнөө илип жатышса эми Данекти балдары менен чыгып кеткенин такташып Айбек тууралуу сурап жатышты.

Үч-төрт тепкиден кийин эле баарын айтып берди..Айткан жайына барып издешти таппай коюшту.Арман Москвага келип ишке киришип жатты…Айбекти издөөгө өзүнүнда балдарын ишке салды.Токойду төрт көтөрсөда таппай калды.

Ошол күнү токойдун артындагы көлчөдө шаардан келип балык кармап эс алып жаткандар бар болчу..Машине каттуу жүрүп кеткенин угуп көз салышкан.Башы жарылган Айбекти көрүшүп Ооруканага алып барып ташташкан.

Бир айдай сүйлөй албай жаткан,кийин Данектин номерин ,даректи,аты жөнүн эстей албай жаткан.

Данек эсине келет бир аз калганы тумандай..Бүт жака сүрөтүн жиберип издөөгө салды.

Айбек ооруканага түшкөндө таяк жеп түштү деп Полиция иш ачкан болчу.Так маалымат ала алышпагандыктан өздүгүн тактай алышпай иш ордунда турган…

Интернеттен көрүп калышып Айбекти издеп жаткандарын,бирге жаткандары Арманга кабар беришти.

Баары жетип келип акыбалын сурап жатышты..

Эчкимисин анча эстей албай Данекти сурап жатты…Айбектин байкесида кошо келген болчу ,врачтардан уруксат алып,Полицияга көрсөтмө берип алып кетишти.Өкүнүчтүүсү эч эстей албай койду.

Байкуш Данек Кыргызтанга келип сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди..

 

Ооо кудай аман-эсен өз жериме жеткениме миң мерте шүгүр.Айбектида сактай көр.Аны таштап туура эмес кылдым окшойт мен.Саткынмын мен.Келсе баарын түшундүрөм,балдарым үчүн качууга мажбур болгонумду айтам….

Айданеке Айбек табылганы тууралуу айтканда сүйүнүчү койнуна батпай турду.Даярданып күтүп жатты..Балам ушул үчүн өлөйүн деди деп Айбектин апасы Данеке жинденип жатты.

—Ушул оорукчан балалуу катын алып жыргап кеттиби катыгүн.Тиги ээри келип баламды уруп согуп кетиптир.Бир айдан ашык догдурда жатсада анча баарын эстей албайт дейт байкушум оңбой эле калган окшойтко.Буларды жоготуш керек.

 

—Ай кемпир жөн койсоңчу балдарды жайына кой басып кеттиго келиниң….Мына сенида ошол келиниң даарылантты.

Өпкөдөн шыйрак чыгарганды эле жакшы билесиң.Экинчи укпайын.Мына балаң келетат..Шүгүр де өлүп калбаганына.

 

Өзүңөр билгиле ээк…Айтсамда жаман.Ошол балама түштү түйшүктүн баары..Жаш кезинен иштеп биздин жашоону оңдоду элдей жашап калдык.Анан кийин бизди даарылайм деп өзүн ойлободу эми мынтип оорукчан катынды алып алып..Меейличи келсе бир нерсе болоор.

Бир жумага жетпей Айбек ,агасы,Арман болуп учуп келишти.Арман бир жигитин ошол жактагы Дамирдин ишин көзөмөлдөө үчүн таштап келди…

Данек кайненесиникине барып Айбекти күтүп жатты..Маанайды түшүрбөйүн деп кайненесида унчукпады..Үйгө кара Лексустун акыркы үлгүсүндөгү машине келип токтоп ичинен үчөө түштү.Элдин баары кубана тосуп алды.Ошончо элдин ичинен Айбек Данек менен апасын издеп жатты.Элге түртүндү болбойун деп Данек үйдө күтүп жаткан.Элдин арасынан Данекти көрө албай маанайы сумсая түштү.Оюнда Данекти келбептир деди.Үйдө түлөө башталды. Данектин атасы ошол машинаны ыраазычылык катары күйөө баласына белек кылды. Айбекти жетелеп барып атасы чет жактагы бөлмөгө киргизип койду.Кире койсо эле Данек турган.Экөө миң жыл көрүшпөй жүргөндөй кучакташып сагынычы тарабай бир сааттай турушту..

 

—Кечирчи мени.Кечир менин асылым.Мен сени таштабашым керек болчу.Биздида камап алгандыктан аябай корктук.Балдардын жашоосунан корктум мажбур болдум.Эми эч качан ажырабайлыкчы.Сүйөм сени….Сүйөм..Ишенесиңби?

Сага ыраазымын мени караңгы түндөн куткардың.Жашооңду тобокелге салдың,кандай болсом ошондой сүйдүң.Сендейди ааламды кезсе таппассың.Менин жашоомсуң.Жашоомо жарык берген өзүң.Өзүң берген нурга жетеленип басып кеттим.Эки дүйнө ортосунда жаткандада балдарым менен сен алдымдан чыгып ары жака өткөзбой койдуң.Мени жашоомсуң…

 

 

—Болду Данегим болду.Ызылдабачы.Мен баарын билем..Сени сүйөм..Мен өмүрүм маанилүү эмес качып туура кылгансың..Андан баарын күтүүгө мүмкүн.Өлтүрүп салуудан деле кайтпайт.Силер жок болсоңор менин жашоомдун мааниси жок..Сени сүйөм..сүйөм угуп жатасыңбы..

 

Ошол күнү мени алдап токойго алып барганын билем калганын эстей албайм..Ошол жактагы балыкчы эс алуучулар таап алышыптыр..Ошондо деле жүрөгүм сен деп согуп турду.Өзүмдү унутсамда сени унутпадым жан биргем,анткени ошол согуп жаткан жүрөгүм өзүмсүң.!-булардын сөзү бүтпөс эле…Сүйүү сөздөрү кулака шыбыралганы менен жүрөктөргө жаңырып турду.Балким сүйүү периштеси болгон болсо ушул экөөнүн сүйүүсүнө,сөздөрүнө,бири-бири үчүн жасаган курмандыктары үчүн ушул экөөнү бейишке чыгармактыр.Аны эми биз билбейбиз….Экөөнүн сүйүүсү ушунча күчөп жатты,ыссыгына жанындагы адамдар күйүп кетчүдөй…

 

Дамирди адамдарды өз каалоору жок күч колдонуп камакта кармады анан адам өмүрүн кол салды деп 7жылга эркинен ажыратты.Ошол Россиянын түрмөсүндө калды.

Бир жыл билинбей өтүп кетти…

Күндөрдүн биринде Данек,Айбек жаңы салынган үйгө көчүп кеткен жатышты.Данек аз-аздан олтуруп жумуштарга аралашып калган.Айбек баарыбир аны аяйт..Жумуштарды өзү кылат…Ошол күнүда бүт жакты жыйнап буюмдарды көчүүгө даярдап жатты эле баягы Данек жасаткан масканы таап алды.Ал жөнүндо Данек таакыр унуткан болчу..Масканы чечип ошол коштошуп баарын өчүрүп жатканда кол сумкага салып ары ыргытып салган болчу..Аны жыйнап жатып апасы карабай эле тее кычыктарга бүктөп салып таштаган болчу..Бул тууралуу эбаак унуткан Данек эмне дешин билбей турду…

 

—Данееекк данеек дейм….Сен эмне ошончо жылдан бери мени алдап келдиңби?Бул эмне?

 

—Бул маска..Айбек тынчтан баарын түшүндүрөм..

 

—Түшундүрбөй эле кой уктуңбу.Мен сени периштеге теңеп асыл тутуп жүрсөм,сен деген катардагы алдамчы турбайсыңбы э?Оой бул деген мени колдонгон болуп эсептелетда…Сенден муну күткөн эмесмин.Чын чын билесиңби менин ал кызга деген сезимим чыныгы болчу..А сени болсо ошого окшотуп сүйгөм..Менин сезимдерим менен каалагандай калчап ойнопсуңда э?

Айтчы адамдын көңүлү оюнбу?

Сен менин сүйүүмө татыктуу эмессиң..Колуңдан баары келет турбайбы сенин..А балким ошол ээриң экөөң ошондо сүйлөшүп кылгансыңар а?Табышып алып менден кантип кутулаарыңарды билбей,,

 

—Айбек сен жакшы элесиңби?Ойлонуп сүйлө..Уктуңбу мен андай эмесмин..Баарын түшүндүрөм.Токтосоң токтоо….

 

—Мындай мени бир жолу саткан алдаган адам менен жашай албайм деп үйдөн чыгып кетти…

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE